Бүгүн Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болду. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын вице-премьер-министри Сардор Умурзаков катышып, түзүлгөн фонддун маанилүүлүгүн белгилешти.
Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун жетекчиси Ализ Аалиев фонддун баштапкы капиталы 50 млн долларды түзөрүн билдирди. Азырынча өзбек тарап фондго 2 млн доллар гана бөлгөн, дагы 48 млн доллар бөлүнсө, долбоорлор ишке аша баштайт. Ал аркылуу энергетика, айыл чарба, өндүрүш, туризм тармактары каржыланат.
Айрыкча, Кыргызстандын түштүк аймагына басым жасалып, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын өнүктүрүүгө шарт түзүлөт. Эң биринчи долбоор катары Баткендеги Кызыл-Кыя шаарында логистикалык борбор курулат.
«Биздин фонддун кредитинин орточо мөөнөтү 7 жылдан 10 жылга чейин. Мөөнөтү узак болуп жатканы биз үчүн абдан жакшы. Бир жылдык льготтук чени болот, дегеним, пайыздар төлөнбөйт. Пайыздык чени 4%дан 5%га чейин доллар түрүндө болот. Азыркы кырдаалда бул жагымдуу шарт катары бааланат. Бир топ ишкерге жакшы кредиттик ресурс түзүп берерин пландаштырып жатабыз».
Өзбекстандын инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков билдиргендей, Өзбекстан эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө ынтызар. Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун иши да ийгиликтүү болоруна ишенет.
Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун ачылышынын алкагында соода-логистикалык борборлорду жана унаа жолдорду куруу пландалып жатат. Ошондой эле Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте Камбар-Ата-1 ГЭСин курат. Мындан сырткары Кыргызстан Өзбекстан үчүн транзиттик көпүрө түзүп, коңшу өлкө менен айыл чарба азыктарын алмашуу көлөмүн көбөйтүүнү пландаштырууда.
Жакынкы аралыкта эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 2 млрд долларга жетиши керектиги айтылды.
«Чакан ГЭС» ассоциациясынын төрайымы Эльвира Боронбаеванын пикиринде, Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду ишкерлер үчүн кошумча каржылык булак болуп берет. Ал Өзбекстандын экономикасы жана өнөр жай тармагы бир кыйла алдыга озуп кеткенин, Кыргызстан артта калбай коңшу өлкө менен чогуу өнүгүүсү зарылдыгын айтты.
«Баарыбыз үчүн аталган өнүктүрүү фонд кошумча финансылык мүмкүнчүлүк болот. Эки өлкө ортосундагы маанилүү долбоорлор аркылуу кошумча финансылык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алабыз. Экономикалык чон секирик жасаган Өзбекстан Кыргызстан менен чогуу өнүгүшү керек. Кыргызстан артта калып калбашы зарыл».
Ишкер Темирбек Ажыкулов фонддун ачылышы керектүү ири долбоор болгону менен артыкчылыктары жана кемчиликтери фонд иштей баштаганда билинерин белгилейт. Себеби буга чейин көптөгөн фонд ачылып, бирок каржылоо жоктугунан иши аксап, Кыргызстан үчүн пайдасыз болуп келген. Ажыкулов бүгүнкү күндө Кыргызстандын товарларынын Өзбекстанга өтүшү оор болуп жатканын, эгер фонд иштей баштаса, бул маселе чечилерине ишкерлердин үмүтү чоң экенин айтты.
«Бүгүнкү күндө Кыргызстандан Өзбекстанга азыктардын өтүшү оор болуп турат да, ушул сыяктуу маселелерде эми өзбек тарап бизге жардамчы болот чыгар. Ошондой эле алар кыргыз ишкерлери үчүн көпүрө болуп берип, алар аркылуу башка өлкөлөр менен жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү өткөрүп турсак да майнаптуу болот».
Мындан сырткары Ажыкулов эгер фонд иштей баштаса, саясатташтырбай, кеңири жайылтып, колдоого алуу керек деген ойдо.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун былтыр 11-12-мартта Өзбекстанга жасаган расмий сапарынын алкагында Кыргыз-өзбек фондун түзүүгө макулдашкан. Бул демилге бир нече жылдан бери көтөрүлүп келген.
Фонд Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, экономиканы модернизациялоо, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатын көздөйт.
Фонддун милдеттери, түзүмү, иштөө тартиби, ошондой эле башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары устав менен аныкталат.
Фонддун башкы кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан, аны жетектөө директорлор кеңешине жана башкармалыкка жүктөлгөн.