Биз менен байланышыңыз

«Сапаттын» эки лицейи Кембридждин аккредитациясынан өттү

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 761 | 0

«Сапат» билим берүү мекемесине караган Бишкек «Айчүрөк» лицейи жана Чынгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи Кембридж эл аралык борборунун аккредитациясынан өттү. Бул тууралуу «Айчүрөк» лицейинин директору Эмил Рыскулов «Маралга» билдирди.

Бул лицейлер кийинки жылдан тарта ушул борбордо каралган дүйнөлүк стандарттарга ылайык иш жүргүзөт.

Кембридж эл аралык сынагы — Улуу Британиядагы Кембридж университети тарабынан уюштурулган окуучулардын билимин баалоочу система. Ал негизинен дүйнөлүк стандарттын деңгээлинде эл аралык билим берүүнү камсыздоо, мектептерди билим берүү программалары жана бардык зарыл кызматтар менен камсыз кылуу, анын ичинде кеңеш берүү, мугалимдер үчүн семинарларды жана тренингдерди өткөрүү, маалыматтык колдоо сыяктуу максаттарды көздөйт.

Кембридж программалары жана экзамендери 160тан ашык өлкөдө 9 миңден ашык мектепте кабыл алынат.

Кембридж окуу программасы бир нече этаптан турат:

— Cambridge Primary — Кембридж башталгыч билим берүү программасы;

— Cambridge Secondary 1 — Кембридж орто билим берүү программасы, I деңгээл;

— Cambridge Secondary 2 — Кембридж орто билим берүү программасы, II этап. Бул топко Cambridge IGCSE (Cambridge International

Certificate of Secondary General Education) жана O Level сыяктуу популярдуу программалары кирет.

Cambridge Advanced — Cambridge Advanced программасы. Бул топко A Level жана AS Level программалары кирет.

Кембридж программалары жана квалификациялары эл аралык билим берүүнүн дүйнөлүк стандартына туура келет. Алар предмет боюнча эксперттер тарабынан түзүлөт жана академиялык тартипке негизделген жана билим берүү тармагындагы акыркы изилдөөлөрдү чагылдырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM