Биз менен байланышыңыз

«Азык-түлүк тартыштыгы кийинки жылы толук сезилет»

Евробиримдик Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу дүйнө азык-түлүк кризисине кабылышы ыктымал экенин кулак кагыш кылды. Ал арада Казакстан өкмөтү 15-апрелден тарта эгин менен унду эскпорттоого чектөө киргизүү токтомун кабыл алды. Буга чейин Орусия да буудайды экспорттоого тыюу салган. Экономисттер азык-түлүк каатчылыгы кийинки жылы даана сезилерин, бул жаатта мамлекетке жарандар да көмөк көрсөтүшү керектигин айтышууда. Эскперттердин азык-түлүк коопсуздугу боюнча божомолуна, кеңештерине алдыда кененирээк токтолобуз.

Казакстандын Айыл чарба министрлиги 15-апрелден 15-июнга чейин буудайды жана унду экспорттоого квоталык чектөө киргизүү чечимин кабыл алды. Мындан ары буудайга берилген квотанын көлөмү 1 млн, ун үчүн 300 миң тоннаны түзөт.

Кыргызстан эгин менен унду негизинен Казакстандан алат. Тегирменчилер ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов өлкөдөгү ири комбинаттарда буудай жетиштүү экенин, бирок чакан комбинаттарда түгөнүп баратканын, буга байланыштуу  Өкмөткө Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан буудай сатып алуу маселесин чечүү өтүнүчүн жолдогонун айтты. Жакынкы күндөрү буудайдын баасы бекитилип, Орусиядагы квота маселеси чечилмейинче, ассоциация элди ун менен камсыздап турат. Мындан сырткары ал азыркы дүйнөдөгү кризиске байланыштуу кийинки жылы Кыргызстан буудай тартыштыгына кептелерин белгилейт.

«Украина биз үчүн буудай боюнча эң чоң импортёрлордон болчу. Ошон үчүн 2023-жылы буудай менен абал кыйыныраак болот. Буга байланыштуу биз азыркы тапта дыйкандарды буудайды көбүрөөк сепкенге чакырып жатабыз. Себеби өзүбүздө буудай болсо, унга сырттан көп көз каранды болбойбуз. Бирок бул үчүн кайра иштетүү тармагы, ун комбинаттар 3-4 жыл туруктуу иштеши керек. Ошондо гана дыйкандар бизге ишенип, айдоо аянттарын кеңейтип, өндүргөн буудайын сата баштайт».

Евробиримдик Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу экономикалык кризис Европа менен Борбор Азиядагы өнүгүп бараткан мамлекеттерге олуттуу таасирин тийгизип жатканын, мындан баарынан да жакыр өлкөлөр жабыркаарын жар салды.

Экономист Жоодар Омошев Украинада быйыл эч нерсе себилбей калганына байланыштуу кийинки жылы Кыргызстанда азык-түлүк тартыш болушу мүмкүн экенин ырастады. Ал Украинадан Кыргызстанга сүт, өсүмдүк майы, сыр сыяктуу башка маанилүү азыктар экспорттолуп турганын эске салып, эмки жылы булар кымбаттап, жетишсиз болорун маалымдады. Мындан улам экономист эмитен башка амалдарды табууну сунуштады.

«Биз бир багытта эле карабашыбыз керек. Өзбекстанды мисал келтирип кетсем, алар жакын арада Индиядан 200 миң тоннага жакын кумшекер алып келди. Биз деле Индиядан кумшекер, күрүч, жана башка ушул сыяктуу азык-түлүк алып келсек болот. Башка өлкөлөрдү караштырып, чет жактан экспорт кылсак болот», — дейт ал.

Белгилей кетсек, азык-түлүк коопсуздугу 3 фактордон турат: физикалык жеткиликтүүлүгү, экономикалык жеткиликтүүлүгү жана азык-түлүктүн сапаты.

Физикалык жеткиликтүүлүк — эң негизги 9 азыкты: нан, эт, сүт, жашылча-жемиш, жумуртка, өсүмдүк майы, кумшекерди ата мекендик дыйкандардын өндүрүшү; экономикалык жеткиликтүүлүк — негизги 9 азыкты калктын медицинада белгиленген ченемде жей алышы; үчүнчүсү, жеп жаткан азыктын, тамак-аштын сапаты талапка жооп бериши керек.

Ушул 9 азыкты өзүбүздүн дыйкандар эч болбогондо 85% камсыздап, калк медицинада көрсөтүлгөн ченемде жей алса, сапаты бардык талапка жооп берсе, мамлекет «азык-түлүк коопсуздугунун алдын алдык» деп ишенимдүү жар салса болот. Бирок учурда бул үч фактордо тең өксүк бар экенин адистер кулак кагыш кылып келишет.

Экономист Нурлан Токобаев Кыргызстандын резерви кыска мөөнөткө гана жетерин айтып, башка өлкөлөрдө 3-4 жылга бекитиле турганын мисал келтирди. Ал пандемия учурунда да азык-түлүк тартыштыгы ачык-айкын көрүнүп калганын эске салып, материалдык резевдер фондунун запастык көлөмү өтө төмөн экенин кошумчалады.

Токобаев бүгүнкү күндө өлкөдө эки маанилүү маселе элди түйшөлтүп жатканын баса белгиледи. Ал: азык-түлүктүн жетишсиздиги жана баалардын өсүшү. Экономист аталган эки маселе көйгөйгө айланып кетпеши үчүн мамлекет жана жарандар тиешелүү чараларды көрүшү керектигин эскертти.

«Эгерде ушул нукта кете турган болсок, чоң бир көйгөйгө туш болобуз. Ошондуктан бул көйгөйдүн алдын алуу үчүн мамлекет жана ар бир жаран тиешелүү чараларды көрүшү керек. Мамлекет тараптан жазгы талаа жумуштарында дыйкандарга ар кандай жеңилдиктер берилиши керек. Ал эми дыйкандар бош турган жерлерди иштетип, керектөөчү азык-түлүктү өндүрүшү керек». 

Дүйнөлүк банк соңку кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын экономикасы 2022-жылы 5%га кыскарып, инфляция 15%дан жогорулашы мүмкүн экенин маалымдады. Бул негизинен керектөөнүн жана инвестициянын кыскарышы, мигранттар которгон акчанын азайышы менен шартталган. Кырдаал турукташып, инвестиция келе баштаса, өлкө экономикасындагы өсүш 2023-жылы 3,2%га, 2024-жылы 4%га чейин калыбына келери күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM