Биз менен байланышыңыз

Эл аралык медициналык жогорку мектеби иш-чара өткөрүп жатат

Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 249 | 0

8-9 апрель күндөрү Бишкекте жаш окумуштуулар жана студенттер үчүн «Экологиянын туруктуулугу жана калктын ден соолугу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.

Бүгүн, 8-апрелде конференциянын биринчи күнү өтүүдө.

Конференция SETAC эл аралык бирикмеси менен биргеликте уюштурулуп, анда биотехнология, экологиянын калктын саламаттыгына таасири тууралуу жаш окумуштуулар баяндамаларды жасашууда.

Ошондой эле иш-чарага Британиядан, Орусиядан SETAC эл аралык бирикмесинин өкүлдөрү, спикер катары Кыргызстандагы башка окуу жайлардан да мугалимдер, баяндамачылар чакырылган.

«Экологиянын туруктуулугу жана калктын ден соолугу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция эртең, 9-апрелде да уланат. Толук маалымат алуу үчүн  www.ism.edu.kg сайтына кирсеңиз болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM