Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы ККМ аппараттарына байланыштуу лотерея ойнотот

Быйыл жыл башында Салык кодексине бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Анда каралган ККМ аппараттарын орнотуу демилгеси ишкерлердин нааразычылыгын жаратканы да маалым. Буга карабастан Салык кызматы быйыл биринчи кварталдын салык жана төлөм планын ашыгы менен жапты. Муну менен бирге ККМ аппараттарды колдонгондор көбөйүп жатканын жана ККМге өтүүнү көбөйтүү максатында кызыктыруучу лотерея ойнотула турганын билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында 36 млрд 383 млн сом салык жана төлөм чогултулду. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык 14 млрд 640 млн сомго көп жыйналганын мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди. Ал белгилегендей, салык боюнча тапшырмаларды ашыгы менен аткаруу бир катар факторлордун эсебинен ишке ашкан. Атап айтканда, салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторинг жүргүзүү, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соодалашуунун алкагында кыйыр салыктарды башкаруу боюнча иштер жүргүзүлгөн.

«Мамлекеттик салык кызматы 3 айда 10 млрд 204,9 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. План 4,1%га же 404,9 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Мындан тышкары «Смарт Салым» салык жол-жоболорун санариптештирүү, анын ичинде көзөмөл-кассалык машиналарды киргизүү долбоорлору өз жыйынтыктарын берүүдө».

Жыл башында жаңы салык кодексинин кабыл алынышы менен базарларга жана бардык соода түйүндөрдө ККМ колдонуу милдеттендирилген. Тагыраагы, акча жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган майда ишкерлер салыктан бошоону кааласа, ККМ колдонушу керектиги айтылган. Анткени ККМ бизнестен түшкөн кирешени аныктап берет.

Буга чейин сатуучулар азырынча ККМ аппарат колдонууга даяр эместигин, ошол эле учурда түшүнүксүз суроолор көптүгүн, маалыматтар жетишсиздигин айтып, ал тургай митингге да чыгып, нааразычылыктарын билдиришкен.

Ал эми Салык кызматынын ККМге көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Нур Топоев үч айлык түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 18 миңден ашык ишкер ККМ колдонууга өткөнүн айтат. Бүгүнкү күндө республика боюнча 45 миң 35 ККМ иштеп жатат.

Топоев азыркы учурда эки типтеги – аппараттык жана программалык ККМ колдонуларын белгилейт. Аппараттык ККМ – онлайн режимде маалымат берүү модулуна ээ болгон фискалдык эси бар кадимки кассалык жабдуу. Программалык ККМ – смартфонго, планшетке же компьютерге акысыз орнотулган тиркеме. Мында керектөөчүлөргө чек берүү үчүн чек принтерин сатып алуу гана жетиштүү болот.

Программалык ККМ «Онлайн ККМ» тиркемеси аркылуу смартфонго акысыз орнотулат. Аны «Плей Маркеттен» көчүрүп алса болот. Аппараттык ККМ техникалык тейлөө борборлорунда сатылат.

«Базардагы сатуучулар: «Биз ККМ колдонбойбуз, бизде шарт жок», — деп митингдерди уюштуруп, жолдорду жаап келишкен. Буга байланыштуу ККМди толук киргизүү үч жолу жылдырылды. 1-апрелден баштап Бишкектеги соода түйүндөрдөгү, базардагы ишкерлер ККМди колдонуп башташы керек эле. Бирок алар кайрадан каршылыктарын билдирип, колдонуудан баш тартышууда. Белгилей кетсем, ККМди колдонбогон жеке ишкерлерге 3500 сом, ири юридикалык жактарга 7500 сом айып пул каралган».

Салык кызматы ККМге жарандык кызыгууну жогорулатуу жана көмүскө экономиканын өлчөмүн кыскартуу, ошондой эле ишкерлер арасында атаандаштыкка дем берүү максатында «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясын ишке киргизүүдө. Лотереянын жол-жобосун салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев түшүндүрдү.

Кызыктыруучу лотереяга катышуу менен кыргызстандыктар баалуу байгелердин ээси болууга мүмкүнчүлүк алышат. Чектер канчалык көп болсо, байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот. «iPhone» мобилдик телефон, автоунаа жана башка баалуу сыйлыктар ойнотулат. Ал эми баш байгеге Бишкектен батир сайылат.

«Лотереяга катышуу үчүн бир нече оор эмес шарттарды аткаруу зарыл: «Салык чек» атайын мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү; андан кийин ар бир товар сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу; аягында алынган кассалык чектин QR-кодун мобилдик тиркемеден сканерден өткөрүү. Система сканерден өткөн кассалык чектин топтолгон суммасын утушка катышуу үчүн уникалдуу номерлерге автоматтык түрдө алмаштырат. 1000 сомго 1 уникалдуу ID номер ыйгарылат. Чек талап кылып, байге утуп алыңыз!».

Белгилей кетсек, жыл башында президент Салык кодексинин жаңы редакциясына кол коюп, ал күчүнө кирип иштей баштаган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин аталган кодексти ишкерлер жактырбай, «түшүнүксүз жана чийки» деп сындап келишкен. Буга байланыштуу ишкерлер жаңы салык кодексине өзгөртүү киргизүү талабын коюшкан.

Ал эми Экономика министрлиги Салык кодексинин долбоору коомдук талкууга чыкканда 300дөн ашуун сунуш-пикир түшкөнүн, анын ичинен беш-алтоосу гана өтпөй калганын билдирип, башка да өзгөртүү киргизүү талабын четке каккан.

Copyright © 2017 Maral FM