Биз менен байланышыңыз

Эдил Байсалов Женевада иш сапары менен жүрөт

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 265 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жумушчу сапары менен Швейцариянын Женева шаарында жүрөт.

Анын алкагында эл аралык Кызыл крест комитетинин президенти Питер Маурер менен жолугушту. Тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулады. Тактап айтканда, эл аралык гуманитардык укук, өзгөчө кырдаалдар, пенитенциардык тутум жаатында ишке ашырылып жаткан долбоорлор каралды.

Мындан тышкары Эдил Байсалов БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын аткаруучу катчысы Ольга Алгаерова менен жолугушту. Анда Байсалов Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү, адам укуктарын сактоо багыттары боюнча кызматташууну чыңдоого кызыкдар экенин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM