Биз менен байланышыңыз

Социалдык чөйрөгө көрүлгөн камкордук

Коом , Саясат , Экономика | 4 Апр 2022 | 2124 | 0

Президенттин өлкөдөгү билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык көзөмөл кызматкерлери менен болгон республикалык жыйыны 2 саатка созулду. Анда өлкө башчы социалдык абалды көтөрүүгө жасаган аракети, айлыктын жогорулашы боюнча айтты. Андан тышкары билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев алдыда жасала турган реформалар жөнүндө баяндама жасады. Аны менен катар алдыда боло турган экономикалык каатчылыктар жөнүндө эскертип, элди даяр болууга чакырды.

Өлкө казынасынын киреше бөлүгүн толтуруу үчүн чечкиндүү чаралар көрүлүп жатканын айткан президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине бирдиктүү бюджетти быйыл 400 млрд сомго, кийинки жылы 500 млрд сомго жеткирүү талабы коюлганын маалымдады.

Андан кийин мамлекет башчы бир нече тармактагы кызматкерлердин айлыгын көтөргөнү боюнча маалымат берди. Тактап айтканда, президенттин Жарлыгына ылайык, маданият кызматкерлеринин айлыгы 100%га көтөрүлдү. Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кызматкерлеринин айлыгы орточо эки эсеге жогорулатылды. Ал эми билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин, мугалимдердин маянасы 80%га көтөрүлдү.

«Баялинов атындагы Балдар жана жаштар китепканасынын жетектөөчү китепканачысы мурда 9 миң сом айлык алып келсе, эми 1-апрелден баштап 20 миң 444 сом алат. Ысык-Ата мектебинин педагогикалык иш стажы жок, бакалавр даражасына ээ математика мугалими 1-апрелге чейин 10 миң 450 сом алса, (чегерилгени 12 миң 907 сом) эми 25 миң 300 сом ала баштайт (чегерилгени 31 миң 333 сом)».

Жыйында Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев бул тармакта жасала турган реформалар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Кыргызстандын мектептериндеги окуучулардын сабактарынын жылдык жүктөмү учурда 1020 саатты түзөт. Бул окуучу үчүн өтө оор жана физикалык, психикалык жактан басым болуп саналат. Министр белгилегендей, эми окуучулардын сабактар боюнча жылдык жүктөмү 820 саатка кыскартылат. Мындан сырткары министр «Кыргызстандын мектеп бүтүрүүчүсү» демилгеленген жаңы долбоор боюнча сөз кылып, мындан ары окуучулардын бир гана билим багытына басым жасалбастан, ар бир окуучу 11-классты бүтүргөндө бир же бир нече кесипти өздөштүрүүгө шарт түзүлөрүн маалымдады. Ошондой эле министр STEM сабактарына басым жасала турганын белгиледи.

«Биз STEM сабактарына басым жасайбыз. Бул — табигый илимдер, технология, инженерия, математика жана искусство. Башкача айтканда, логика-математикалык ой жүгүртүүсү өнүккөн, ойлоп-тапкыч, изилдөөчү жана маалыматтык-технологияларды активдүү колдонгон окуучуну калыптандырабыз. Дал ушундай окуучулар планетанын ондогон жылдарында өнүгүүсүн аныкташат. Биздин бүтүрүүчүбүз жарым кесиптик деңгээлде жок дегенде спорттун жана искусствонун бир чебери болуп аяктамакчы».

Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акы фонду орто эсеп менен 50 пайызга жогорулады. Президент медицина кызматкерлеринин айлыгын талаптагыдай деңгээлге көтөрө электигине өкүнгөнүн айтты. Учурда бүтүндөй бир чоң команда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун системасын реформалоонун үстүндө иштеп жатат. Бул иштин натыйжасында медицина кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча ачык-айкын жана татыктуу системаны калыптандыруу үчүн чечкиндүү чара көрүлөрүн кошумчалады өлкө башчысы.

Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Мадамин Каратаев саламаттыкты сактоо тармагындагы реформалардын 3 багыты боюнча сунуш берди. Биринчиси, бүгүнкү күндө мамлекеттик кепилдик программасы өзүнүн функциясын аткарбай жатат. Каратаев калктын аялуу катмарына даректүү бир көлөмдө акысыз жардам көрсөтүү боюнча механизмдерин иштеп чыгуу зарылчылыгына токтолду. Андан кийин милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын өзгөртүү жана мамлекеттик жана жеке менчик өнөктөштүктү күчөтүү керектигин маалымдады.

«Көп өлкөдө мамлекеттик жана жеке менчик өнөктөштүк системасы иштеп жатат. Мамлекетте бүгүнкү күндө бюджет жетишсиз. Бирок биз мисалы, гемодиализ, керектүү жабдууларды же башка нерселерге өнөктөштүктү күчөтүп, муктаж болгон оорулууларга жардам берсек, ошондо бийликке, мамлекеттик органга карата ишеним өсүп, элибиздин ден соолугу сак болуп, Кыргызстандын келечегин көтөрүүгө өбөлгө түзүлөт».

Кыргыз эл артисти, композитор Түгөлбай Казаков маданият тармагындагы жетишкендиктер тууралуу сөз кылып, акыркы убакта бул тармакта аткарылган реформалар сезилип жатканын айтты. Мындан сырткары ал бир нече жыл мурун абоненттик жол менен балдарды театр, музейлерге алып баруу иш-чаралары билим берүү министрлигинин буйругу менен жокко чыгарылганын эскертип, муну кайрадан жандантуу зарылчылыгын белгиледи.

«Ата-энелер балдарынын чөнтөгүнө эртең менен мектепке кетип баратканда 200-300 сомду жөн эле салып берип жатат. Бир айга 100 сом төлөп, жок дегенде 5 жолу музейге, театрга алып барып, руханий байлыгын калыптандырбасак, алар бүгүнкү күндөгү интернет менен таптакыр интернет болуп калышат. Ушул буйрукту Маданият министрлиги колго алсаңыздар».

Мындан сырткары мамлекет башчы дүйнөдөгү азык-түлүк коопсуздугунан улам азыркы тапта айыл чарбасына активдүү түрдө ресурстарды салып жатканын айтты.

«Мурда эч качан мындай болгон эмес. 26 млрд сом кредит түрүндө фермерлерге 6 пайыз менен берилди. Ушул жерден бир нерсени баса белгилеп айта кетейин урматтуу дыйкандар менен фермерлерге. Бул сумма албетте, дыйкан-фермерди быйыл эле 100% камсыз кылып койгонго жетпейт. Анткени өлкө боюнча 500 миңге чукул дыйкан-фермерибиз бар. Ошондуктан быйыл колубузда болгон каражаттын баарын бердик. Быйыл жетишинче алып турсаныздар, Кудай буюрса, кийинки жылы толук камсыз кылабыз. Ирригацияга жана үрөнгө бөлүнгөн каражат менен бирге, башка ресурстар да каралып, быйыл айыл чарбасына жумшалган каражаттын жалпы суммасы 40 млрд сомго жетет».

Жыйындын аягында президент дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн экенин, эл буга даяр болушу керектигин баса белгиледи.

«Ооба, азыр абал оор. Бардык жерде кымбатчылык. Баалар өстү. Жумуш жок. Эң зарыл деген нерселерге акча табуу кыйындап баратат. Баарыңыздардан чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюмдарды сатып алууну кийинкиге жылдыра туруп, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырам».

Copyright © 2017 Maral FM