Биз менен байланышыңыз

Баткенде кабат үйдөн боюн таштоого аракет кылган жигит куткарылды (видео)

Кыска кабар | 2 Апр 2022 | 1795 | 0

Баткенде төртүнчү кабаттан боюн таштоого аракет кылган жигитти куткарып калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Төрт кабат үйдүн чатырынан А.Т. аттуу жаран боюнча секирип кетүүгө аракет жасап жатат» деген маалымат ӨКМдин Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнө бүгүн, 2-апрелде саат 13:49да келген.

Жерине тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын жетекчиси, подполковник М. Эргешов баштаган 6 куткаруучу, ӨКМдин шаардык бөлүмү барып, сүйлөшүү жүргүзгөн.

Натыйжада 23 жаштагы А.Т. секирүү ырайынан кайтып, куткаруучулар чатырдан алып түшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM