Connect with us

ӨКМ кызматкерлери «Өрттөн куткаруу спорту» эл аралык чемпионатына катышат

Кыска кабар | 2 Апр 2022 | 233 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринен түзүлгөн команда «Өрттөн куткаруу спорту» эл аралык чемпионатына даярдыктарын баштады.

Чемпионатка 10 куткаруучу тандалып, аларга бир башкы машыктыруучу, эки жардамчы машыктыруучу бекитилген.

Учурда атайын жайда белгиленген тартип менен машыгуулар өтүп жатканын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Өрттөн куткаруу спорту» эл аралык чемпионаты ушул жылдын сентябрь айында Өзбекстандын Самарканд шаарында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM