Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы митингдерге чектөө киргизүү чечими боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 2 Апр 2022 | 269 | 0

Украина-Орусия жаңжалына байланышкан митингдерди убактылуу чектөө чечиминин башка тынч жыйындарга эч тиешеси жок. Мындай маалыматты Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы таратты.

«Орусия-Украина жаңжалына байланыштуу шаардын төрт районунда тиякты же биякты колдогон митинг көбөйдү. Митингде мурда айтылган максаттарына карабастан, уюштуруучулары же катышуучулары улуттар аралык кастыкты козуткан, ошондой эле өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына шек келтирген чагымчыл ураандарды көп колдонушат.  Бишкек шаарынын көп улуттуу экенин эске алып, этностор аралык башаламандыкты болтурбоо максатында, ошондой эле «Тынч чогулуштар жөнүндө» мыйзамга ылайык, акимдер 2022-жылдын 31-мартынан 30-апрелине чейин орус-украин жаңжалы боюнча митингдерге тыюу салуу өтүнүчү менен райондук сотторго кайрылышкан», — деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын райондук соттору Украинада болуп жаткан кырдаал боюнча тынч митиндерди өткөрүүгө тыюу салган чечим чыгарган.

Биринчи Май, Ленин, Свердлов, Октябрь райондук соттору мэриянын райондук муниципалдык администрацияларынын Орусия-Украина жаңжалы боюнча тынч митингдерди жана акцияларды өткөрүүгө 1-апрелден 1-июлга чейин убактылуу тыюу салуу чечимин мыйзамдуу деп тааныганы айтылган маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM