Биз менен байланышыңыз

Белгилүү актёр зордуктоого шектелип камалды

Кыска кабар | 2 Апр 2022 | 304 | 0

Бишкектен М.Ч. аттуу жаран 27 жаштагы чет элдик Ш.С. аттуу аялды зордуктоого шектелип кармалганын Свердлов райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.

Бул факт бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен катталып, шектүүгө карата иш ачылган.

Ошол эле күнү Ч.М. кармалып, Бишкек шаардык ИИБине жеткирилген. Андан соң Свердлов райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды.

Социалдык тармактын колдонуучулары кармалган адам таанымал актёр экенин жазышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM