Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек өкмөт башчылары кызматташуунун келечегин талкуулады

Кыска кабар | 1 Апр 2022 | 283 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулады.

Жапаров Өзбекстан Кыргызстан үчүн ишенимдүү кошуна, стратегиялык өнөктөш жана боордош мамлекет экенин белгиледи.

«Биз бир катар багыттар боюнча эки тараптуу алаканы мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулуудабыз. Өзбекстандын жетекчилигине Баткен облусунун Самаркандек жана Маргун айылдарындагы мектептердин курулушу, ошондой эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имаратын реконструкция жүргүзүүсү үчүн ыраазычылык билдирем. Боордош өзбек тараптын бул чечимдери биздин элдерибиздин ортосундагы достук мамилелерди ачык-айкын тастыктап турат», — деди Жапаров.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, алаканы андан ары да арттыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле тараптар «Эркечтам – Дароот-Коргон – Үч-Коргон» жолунун, Кызыл-Кыя шаарындагы чектеш соода логистикалык борборунун курулушун талкуулады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM