Биз менен байланышыңыз

Лейлек: Коррупцияны айтып чыккандар абакта калды

Коом | 1 Апр 2022 | 1318 | 0

Баткендеги Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчылары Бекжан Жалилов жана Саатбек Эгембердиевдин тарапташтары райондук соттун алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Алар алгач тагылган айыптын оор беренеге капыстан өзгөрүшүнө шектенүүлөрүн билдирип, мурунку айыл башчылардын боштондугун талап кылышууда. Анткен менен Башкы прокуратура тергөө иштери мыйзам алкагында жүрүп жатканын билдирүүдө. Талдоочулар бул окуяларды элдин мүдөөсүнө каршы жасалып жаткан иш катары сыпатташат. 

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү коррупциялык иштер боюнча айтып чыккан Бекжан Жалилов жана Саатбек Эгембердиевдин тарапташтары бүгүн, 1-апрелде Лейлек райондук сотунун имаратынын алдында чогулушту. Алар мурунку айыл башчыларга коюлган айып негизсиз экенин айтышып, бошотууну талап кылышууда.

Камактагы мурунку айыл башчы Бекжан Жалиловдун эжеси Гүлзада Жалилова соттун чечимин соңуна чейин күтүшөрүн айтып, мамлекет башчылары бул маселеге кайдыгер карабайт деген үмүттө тургандыктарын билдирди.

«Эл да, ал жерде кармалгандар да тагылган жаңы айыпты биринчи жолу угушту. Алгач «кыянат пайдалануу» беренеси менен эле 48 саатка киргизилген. Андан кийин прокуратура тарабынан «коррупция» беренеси кошулуп жатат. Мындайча айтканда, прокуратура өзү кошуп жатат. Ошону бийлик көзөмөлгө алат деп, баарыбыз үмүттөнүп турабыз. Эл да анын туура эмес экенин айтып жатат. Анткени адвокаттын колунда тендер боюнча бүт материалдар бар. Анда подрядчиктер да: «Бүт өз мойнубузга алабыз», — деген. Ал иште коррупцияга аралашты дегенге эч негиз жок».

Окуянын чоо-жайына токтолсок, мындан бир нече күн мурун эркин журналист Ыдырыс Исаковдун жеке каналындагы көрсөтүүдө Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Бекжан Жалилов айыл өкмөткө караштуу делген бир катар социалдык мекемелердин менчиктештирилгени боюнча айтып берген.

Бул иликтөөдөн көп өтпөй, 24-мартта Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурунку башчылары Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев жана катчы Акжол Абдуллаев камакка алынган. Алар кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелишип, райондук сот Жалилов жана Эгембердиевди 1-апрелге чейин абакта калтырып, ал эми Акжол Абдуллаевди үй камагына чыгарган.

Алгач айыпталуучуларга «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча иш козголуп, ал кайра «коррупция» беренесине өзгөртүлгөн.

Бул абал мурунку айыл өкмөт башчылардын жакындарынын нааразычылыгын жаратты.

Айыпталуучулардын адвокаты Асылбек Конгуров прокуратура органдары койгон айып жана далилдер негизсиз, материалдары жетишсиз экенин билдирди. Ошондой эле коюлган берененин тез арада өзгөрүп кетиши күмөн ойду пайда кылганын белгиледи.

«Шектенүү кандайдыр бир эмес, даана эле көрүнүп калып жатат. Себеби, коррупция беренесине өзгөртүү үчүн ага негиздер, экспертизанын жыйынтыктары керек. Булар жөн эле архитектура адистерин чакырып, көз менен визуалдуу карап туруп, мисалы, бир ажаткана курулган болсо, сметалык баасы документтер боюнча 100 сом болсо, «аа, биз карап көрсөк 50 сомго эле жасалыптыр» деп туруп, айырмасы 50 сомду чыгымга кошуп койгон».

Аткаминерлердин ишин кароо алгач Лейлек районунда болмок, бирок сот белгисиз жагдайлардан улам Кадамжай, кийин Баткен райондук сотуна которулган. Бирок кийин кайра Лейлек райондук сотуна кароого жөнөтүлгөн.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов иш боюнча тийиштүү тергөө жүргүзүлгөнүн, шектенүүгө негиз жок экенин айтты.

«Ага чейин деле текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Азыркы Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талабына ылайык, биринчи 10 күндүк же 1 айлык текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында кылмыш иши козголот. Анан ал боюнча аракеттерине юридикалык баа берилет. Бардык чогулган материалдардын жана жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин негизинде, алардын аракеттери «кызматтык абалынан кыянат пайдалануу» беренесинен «коррупция» беренесине өзгөртүлгөн, айыптары угузулган».

Баткендеги Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу жер тилкелеринин мыйзамсыз менчиктештирилгени боюнча кармалган Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевдин бөгөт чарасы Лейлек райондук сотунда бүгүн, 1-апрелде каралып, камакта калтырылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Баткенде мурунку айыл өкмөт башчыларына байланышкан соңку окуялар тууралуу пикирин билдирди. Ал муну элдин эркине каршы жасалган акция катары сыпаттады.

Депутат алдыңкы күндөрү Жогорку Кеңеште бул боюнча маселе көтөрөрүн да кошумчалады.

«Мен бул окуяны өтө оор кабыл алдым. Себеби, биринчи Баткенден, Москвадан балдар чалып айтышкан «экс-айыл өкмөтү жердин баарын басып алып, Баткендеги үй-бүлөлөргө, жаш үй-бүлөлөргө жер жетпей жатат» деп. Кээ бир жерлерди сатып жиберишиптир. Ошондо Жаңы-Жер, Арка, Достук айыл өкмөттөрүндөгү ызы-чуу боюнча мен реакция кылгам. Ошондон кийин эле Башкы прокуратура 3 прокурорду жумуштан алды. Менимче, ошолордун көргөзмөсү менен болушу мүмкүн, тергөөчүлөр ишти сотко ашырып салышты. Болуп жаткан бул окуялар элдин укугуна, мүдөөсүнө каршы акция деп ойлойм».

Бул ишке байланыштуу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Турабай Бостонов жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы дооматтарды караган комиссияга журналист Ыдырыс Исаковдун үстүнөн арыз жазганы маалым болду.

Анда Бостонов журналист жарыялаган материалдар анын кадыр-баркына шек келтиргенин айтып, ага баа берилишин, өзү ар бир факты тууралуу жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

Комиссия бул арыз жакынкы убакта караларын кабарлады.

Copyright © 2017 Maral FM