Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «2022-жылы май айында эс алуу күндөрүн жылдыруу жөнүндө» Министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Токтом долбоору Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык иштелип чыккан.
Долбоордо беш күндүк тартипте иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн 1-майдан 9-майга чейин эс алуу каралган.
Ошондой эле беш күндүк тартипте иш жүргүзгөн жеке менчик мекемелерге да иш күндөрүн карап көрүү сунушталат.