Биз менен байланышыңыз

УКМКда иштейм деп, адамды алдаган Эрматов аттуу жаран кармалды (видео)

Кыска кабар | 1 Апр 2022 | 690 | 0
Эрматов Осмонали

Өзүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери катары тааныштырып, мыйзамсыз иштерди жасаган Эрматов Осмонали Абдулхашимович аттуу адам кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Эрматов ушул жылдын январь айында «прокуратурада каралып жаткан жазык ишин токтотуп берем» деп, Тажикстан жараны Суранов Равшандын ортомчулугу астында Сарыбаев Жангазыдан 7 миң 500 доллар алган. Ал өзүн «УКМКнын Борбордук аппаратында иштейм, иш бөлмөм төраганын иш бөлмөсүнө жакын» деп тааныштырган.

Айтылган окуя боюнча Эрматовго «алдамчылык» фактысы менен кылмыш иши козголуп, шериги Суранов экөө тең колго түшүрүлгөн. Учурда убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөөдө сурак берип жатышат.

Суранов Равшан

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM