Connect with us

Депутаттар таштанды полигонуна барышты (сүрөт, видео)

Кыска кабар | 1 Апр 2022 | 809 | 0

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештеги «Элдик» топтун депутаттары Бишкек санитардык полигонуна барышты.

Алар борбор калаадагы таштанды маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрүшөт.

Бишкек шаарынын сыртындагы таштанды полигонунун маселеси чечилбей келе жатканына көп жыл болду. 2013-жылы Европа оңдоп-түзөө жана өнүктүрүү банкынын «Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу» долбоорунун алкагында, жарактан чыккан эски полигонду бузуп, анын ордуна жаңы полигонду ишке киргизүү колго алынып, керектүү жабдууларды жана башкаларды сатып алуу үчүн аталган банк 22 млн евро бөлүп берген. Бирок жаңы таштанды жайын салуу маселеси аягына чыга элек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM