Биз менен байланышыңыз

Бүгүндөн тарта 309 миң мамлекеттик кызматкердин айлыгы көтөрүлөт

Кыска кабар | 1 Апр 2022 | 4571 | 1

Бүгүн, 1-апрелден тарта 309 миң мамлекеттик кызматкердин айлыгы көтөрүлөт. Алар: мугалимдер, дарыгерлер, маданият кызматкерлери жана социалдык тейлөөнүн адистери. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев 24-мартта өкмөт үйүндө өткөн брифингде кабарлаган.

Айлыкты көтөрүү үчүн жалпы 26 млрд сом керектелет. Учурда каржы булагы такталууда.

Министрдин айтымында, айлыкты 50%дан баштап, 100%га чейин көтөрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

Билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлыгы 80% жогорулайт. Ошондо жаңы система менен эсептеп чыкканда, стажы жок, жаңы иштей баштаган мугалимдер колуна 20-21 миң сом алат. Бүгүнкү күндө мындай категориядагы мугалимдер 4-7 миң сомдун тегерегинде айлык алышат.

1 пикир

1 пикир

  1. Айжамал

    02.04.2022 11:15

    Абдан жакшы 👏ГСИНде иштегендерге качан кошулат? кошулса ото жакшы болот эле👍👋

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM