Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын дин ишмерлерин даярдоодогу абалы

Коом | 31 Мар 2022 | 729 | 0

Кыргызстандагы дин ишмерлеринин айрым шарият эрежелерине карата пикирлери бирдей эмес. Бул өлкөдөгү диний жамааттар арасындагы келишпестикти жаратып келет. Андыктан чатакты болтурбоо үчүн дин ишмерлеринин диалогуна муктаждык бар. Бүгүн Бишкекте «Аалымдардан алтын мурас» аталышындагы иш-чара өттү. Ага Кыргызстандын дин чөйрөсүнө таанымал аалымдар, исламий окутуучулар, уюмдардын, мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышып, өлкөдөгү диний билим берүү жана дин адистерин даярдоо боюнча пикир алмашты. 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда расмий жана расмий эмес отузга жакын диний уюм бар. Алардын айрымдары жарандардын руханий кризистен чыгуусуна салым кошсо, кээ бири экстремизмдин жайылышына, диний же болбосо жамааттык бөлүнүүгө себеп болуп келет.

Соңку учурда интернет тармагы аркылуу өкүм чыгарган дин ишмерлери көбөйдү. Аларды тартипке салуу үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия көзөмөл жүргүзүп келет.

Комиссиянын экспертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов дин жаатында чечимдер бир гана расмий органдар тарабынан кабыл алынса, маселе жаралбай турганын айтат.

«Буга чейин Аалымдар кеңешинин жыйынында да, муфтиятка да сунуштарды бергенбиз: «Өкүмдөрдө, акыйда маселесинде расмий Аалымдар кеңеши бар, муфтият бар, ошолор тарабынан билдирүү жасалса», — деп. «Кызыктыруу, шыктандыруу, фазилет маселесинде кыла берсин, ага тоскоолдук жок. Жарандардын диний билимин көтөрүү максатында ар ким өз салымын кошсо боло берет. Бирок тартипке келип алсаңыздар, бири-бириңердин пикириңер каршы келбесин, мындан улам эл арасында чыр-чатак чыкпасын» деген максатта сунуштарды берип келебиз. Мунун натыйжасын деле көрүп жатабыз».

Бишкек шаарындагы Октябрь районунун имам хатиби Мухамбет ажы Анаркулов дин ишмерлеринин ортосунда айрым бир маселелер боюнча пикир келишпестик бар экенин моюндады. Анын айтымында, бул окуу системалардын айырмачылыгынан келип чыгууда. Бирок өлкөгө салым кошо турган аалымдарды даярдоого Кыргызстанда толук шарт бар.

«Биз практикабызда, жашообузда көрдүк, мисалы, Пакистандан же башка жактан окуп келгендер бири-бирин тааныбастан, өздөрүнүн илим чөйрөсүндө кайым айтышканга чейин барып калышты. Себеби, алардын окуу системасында айырмачылыктар бар. Түшүнбөстүк ошондон келип чыгып жатат. Эми мындай жыйындарды көп өткөрүп турсак, ортобузда жылуу мамиле пайда болуп, бири-бирибизди туура түшүнө баштайбыз. Кыргызстанга салым кошо турган аалымдарды, келечектин кадрларын даярдоого биздин шартыбыз да бар, бирдиктүү программабыз да бар. Медреселерибиз да жогорку деңгээлге жетти, буга бизде толук ишеним бар».    

Дин жаатында илимин жогорулатуу үчүн кыргыз студенттери мурда көбүрөөк Египетке, Пакистанга барып келишсе, соңку мезгилде Түркиядан, Орусиядан окуп келгендердин катары арбыды.

«Расул Акрам» Ислам институтунун директору Садриддин Иметовдун айтымында, кыргыз жаштары өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша билимин чет жактан жогорулатышууда.

«Буга чейин студенттер көбүрөөк Египетке барып жатышкан. Азыр Уфа шаарындагы академияга жиберип жатабыз. Көп студентибизди Түркияга жибердик. Быйыл, буйруса, 2-3 студентти Иорданияга, Египетке жиберебиз».

Динге кызмат кылып, көзү өтүп кеткен аалымдардын атын сактап калуу максатында «Адеп башаты» уюму бир катар иш-чараларды уюштуруп келет. Буга чейин уюм тарабынан облус борборлорунда көчмө семинарлар, тегерек стол жана аалымдардын өмүр таржымалын чагылдырган маданий жыйындар өткөрүлгөн.

Аны жыйынтыктоо максатында бүгүн, 31-мартта Бишкекте  «Аалымдардан алтын мурас» аттуу тегерек стол болуп өттү. Жыйында катышуучулар аалымдардын биримдигин бекемдөө жана көзү өтүп кеткен аалымдардын атын түбөлүккө калтыруу боюнча өз сунуштарын беришти.

«Адеп башаты» уюмунун долбоорлор боюнча жетекчиси Давудбек Абы уулу жыйында берилген сунуштар жаатында буларга токтолду:

«Диний окуу жайлардын студенттерине 2022-2023-окуу жылына атайын аалымдарды таануу иретинде системалуу бир сабак кирсе кандай болот» деген сунуштар айтылып жатат. Келечектин аалымдары, дин кызматкерлери болгон диний окуу жайлардын студенттеринин ортосундагы ынтымакты сактоо максатында 3-5 сунуш айтылды. Биринчиси, медреселердеги мударистердин ортосундагы байланыш, ошондой эле мейли илимий, мейли спорттук жарыштар болсун, окуучулардын ортосундагы байланыш. Бул жаатта иш-чаралар мурда деле болуп келген. Бирок дагы системалуу түрдө иштерди жүргүзүү сунушу айтылып жатат».

Давудбек Абы уулу көтөрүлгөн сунуштардын топтому Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына, Аалымдар кеңешине жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жөнөтүлөрүн кошумчалады.

20-мартта «Аалымдардан алтын мурас» аттуу VIII Республикалык китеп окуу конкурсу болуп өткөн. Аталган иш-чара «Адеп башаты» уюму тарабынан 2012-жылдан бери уюштурулуп келет. Бул жолку сынак маркум аалым Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналды.

Copyright © 2017 Maral FM