Биз менен байланышыңыз

Президент «Балыкчы — Кочкор» темир жолун баштап берди

Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 194 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта «Балыкчы — Кочкор» темир жолун курууну баштап берди.

Мамлекет башчы өз сөзүндө Кыргызстан эгемендик алгандан бери темир жол сала элегин айтып, кубанычтуу саамалык менен баарын куттуктады.

«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы «Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече» темир жолунун курулуш долбоору боюнча иштерди жүргүзүп жаткан маалы. Аталган долбоор биринчи кезекте Бишкек шаарынын калкын жана Бишкек жылуулук электр борборун көмүр менен камсыз кылууда Кара-Кечеден көмүр ташуу үчүн эң арзан жол болуп саналат. Жаңы темир жол куруунун натыйжасында өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүгө, экономиканы алдыга жылдырууга шарт түзүү, аймактарыбызды транспорт байланышы менен камсыз кылууну арттыруу жана жалпы эле өлкө бүтүндүгүн чыңдоо сыяктуу бир нече милдетти чечүүгө жол ачылат», — деди Садыр Жапаров.

Айта кетсек, «Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече» темир жолунун жалпы узундугу 186 километрди түзөт. Алгачкы этабында узундугу 63 километр болгон «Балыкчы — Кочкор» темир жолу салынат.

Бул жол толук аяктаса, Кара-Кеченин көмүрүн Бишкек шаарына жана башка аймактарга арзан ташууга шарт түзүлөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров темир жолду Жалал-Абадга чейин жеткирүүгө аракет жасаларын буга чейин маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM