Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров катышкан аскердик машыгуудан сүрөттөр

Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 1575 | 0

Ысык-Көлдө өткөн «Калкан-2022» машыгуусунда Чек ара кызматынын атайын түзүмдөрү жана өлкөнүн укук коргоо органдарынын түзүмдөрү чек араны кесип өткөн (жырып өтүү) мыйзамсыз куралдуу топторго бөгөт коюу жана аларды жок кылуу боюнча жөндөмдөрүн иш жүзүндө көрсөтүштү.

Машыгуу сценарийи мамлекеттик чек арадагы реалдуу жагдайга болушунча жакындатылганы айтылды. Атайын багыттагы бөлүктөр заманбап курал-жарактарды, аскердик жана атайын техникаларды, зооттолгон «ТИГР» унааларын, сокку уруучу «Байрактар ТБ-2» учкучсуз учактарын колдонушту.

Бул машыгуулар Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн аракеттеринин ырааттуулугун жана күжүрмөн даярдыгын текшерүүгө багытталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM