Биз менен байланышыңыз

Медведев: Аймактык валюталардын доору келе жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 2760 | 0

Дүйнөдө жаңы каржылык тартип – аймактык валюталардын доору башталып жатат. Мындай пикирин Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Telegram-каналы аркылуу билдирди.

Медведев дүйнө ойгонуп, резервдик валюталарга ишеним төмөндөп баратканын, андыктан ири державалар каржынын жаңы тартибин сүйлөшүүгө аргасыз болорун айтат. Ошондой эле келечекте учурдагы негизги дүйнөлүк резерв болгон евро менен доллардан баш тартуу реалдуу кадамга айланарын эскертти.

«Эгерде алар боюнча милдеттенмелер тоңдурулуп, колдонулбай калса, ал кандай резерв болуп калат? Салык төлөөчүлөрдүн акчасын согуштагы белгисиз жеңиштин курмандык чалынуучу жайына, «акыркы украиналыкка» алып келүүгө ким даяр? Бул учурда анын кимге кереги бар?» — деди Медведев.

Медведевдин айтымында, жаңы каржы тартибинде негизги сөз карызын көбөйткөн мамлекеттер үчүн эмес, экономикасы өнүккөн, ишенимдүү акча системасы бар өлкөлөр үчүн болот.

Ошол эле учурда Эл аралык валюта кору доллардан баш тартуу сөзсүз болот деп эсептебейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM