Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Сауд Аравиянын тышкы иштер министри келет

Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 213 | 0
Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси  Ибрахим Аль-Ради

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси  Ибрахим Аль-Радини кабыл алды.

Жолугушууда саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерди талкууланды. Жакында Сауд Аравиянын тышкы иштер министри, ханзаада Фейсал бин Фархан Аль Сауддун Кыргызстанга келери маалым болду.

Акылбек Жапаров мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу милдеттери катары кыргыз-сауд бизнес форумун өткөрүү, кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын III жыйынын өткөрүү, ошондой эле эки өлкө ортосунда туруктуу авиакаттамдарды ачуу керектигин айтты.

Тараптар жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруунун, көп тараптуу платформаларда жана эл аралык уюмдарда кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM