Биз менен байланышыңыз

Жер тилкесин мыйзамсыз менчиктеген Сузактагы айыл өкмөт башчы камалды

Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 272 | 0

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы К.М. камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Райондук прокуратура жүргүзгөн иликтөөгө караганда, К.М. айыл өкмөт башчысы болуп турганда жасалма документтерди колдонуу менен айдоо жерлерди турак жай категориясына которгон токтом кабыл алып, аны өзүнүн айланасындагыларга менчикке чыгарып берген. Андан соң алар аркылуу үчүнчү жактарга саткан.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка да адамдары аныктоо, шектүүнү тергөө иштери жүрүп жатат.

Ачык булактарга таянып айтсак, Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Калмаматов Мирланбек Ыманалиевич болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM