Connect with us

Ошто 500гө жакын ишкердин башын бириктирген JIGER-2022 форуму өтүүдө

Кыска кабар | 30 Мар 2022 | 719 | 0

Бүгүн, 30-мартта JIA Бизнес-ассоциациясы Ош шаарында алгачкы жолу жаш ишкерлер үчүн жылдын ири JIGER-2022 иш-чарасын өткөрүүдө. Ага өлкөнүн 7 облусунан 500гө жакын ишкер чакырылган.

Андан тышкары ишкерликке кызыккан жаштар жана жергиликтүү тургундар да катышууда. Иш-чаранын максаты жаштардын ишкердик тармагындагы ордун, экономикага кошкон салымын баса белгилөө, жаш ишкерлердин башын бириктирүү жана аларга багыт берүү болуп саналат.

Иш-чарада өз тармагында мыкты ийгилик жараткан ишкерлер өздөрүнүн мыкты тажрыйбалары менен бөлүшүүдө.

Спикерлер:

Эсен Ниязов, «Пиксофт» IT компаниясынын негиздөөчүсү;

Умбриэль Темиралиев, Trendstone Capital Partners компаниясынын өнөктөш башкаруучусу;

Айжан Токтошева, «Инновация жана лидерлик» академиясынын кош-негиздөөчүсү жана жетекчиси;

Айбек Жангазиев, Bellagio Coffee тармагынын ээси;

Убай Маткасымов, «Маткасымов» заводунун негиздөөчүсү;

Сүймөнкул Жолдубаев, Cool Bros фабрикасынын башчысы;

Алишер Кадыркулов, «Клубника Кыргызстана» фирмасынын негиздөөчүсү.

JIGER форуму — Кыргызстандагы жаш ишкерлердин таанышуу, идея алмашуу жана бири-бири менен кызматташуусу үчүн түзүлгөн аянтча. Бул саамалык буга чейин Бишкек шаарында өткөрүлүп келген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM