Connect with us

Түп районуна эки ай көчмө медициналык клиника кызмат көрсөтөт

Кыска кабар | 30 Мар 2022 | 422 | 0

Ысык-Көл облусунун Түп районуна көчмө медициналык клиника барды. Ал жерде эки ай кызмат көрсөтүп, күнүнө 170ке жакын бейтапты тейлейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Район тургундарын кабыл алуу алдын ала каттоо тартиби менен жүргүзүлөт. Биринчи кезекте майып жарандар тейленип, келүүгө шарты жокторго атайын тез жардам унаалары жөнөтүлөт.

Эки ай аралагында бөйрөк, боор, ичеги-карын жана башка ички органдарды көрүүчү медициналык аппараттар менен жабдылган мобилдик клиника кызмат кылат. Дары-дармек да акысыз берилет.

Белгилей кетсек, мобилдик клиника буга чейин Чүй облусунун Кемин районунда болгон. Кийинки кезекте Жети-Өгүз районуна барат.

Долбоор Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Алгачкы ирет Кыргызстанга 2021-жылы май айында келген.

Бүгүнкү күндө мобилдик клиникада иштеп жаткан 20га чукул  медицина кызматкери атайын тест аркылуу алынып, алмашып турмакчы.

Алдын ала жазылуу үчүн ар бир жаран өзүнүн айылындагы ФАПка кайрылуусу керек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM