Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү «Чаян» кармалганын кабарлады.
Ушул жылдын 23-мартында облустук милицияга Жалал-Абад шаарынын 31 жаштагы тургуну чала тааныш Дастан аттуу бала «көчө бандитимин» деп коркутуп, 20 миң сомун тартып алганын айтып, арыз жазган.
Бул факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен иш ачылган.
Атайын операциянын аркасында айтылган кылмышка шектүү А.Д. колго түшүрүлгөн. «Чаян» каймана аты менен таанымал, Жалал-Абад шаарынын 1994-жылы туулган бул тургуну ИИМдин каттоосунда Камчы Көлбаевдин уюшкан тобунун мүчөсү катары турат.
Учурда шектүүнүн ушул өңдүү башка да иштерге катышы бар же жогу иликтенип, тергөө жүрүп жатат.