Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын кино тармагы талкууланды

Кыска кабар | 30 Мар 2022 | 249 | 0

Бүгүн, 30-мартта Кыргызпатент мекемеси Кыргызстандын чыгармачыл өндүрүштөр ассоциациясы жана «Тамчы тасма» продакшн-студиясы менен бирге «Кино-шам» тематикалык пикир алмашуу (нетворк) иш-чарасын өкөрдү.

Нетворкингдин максаты: креативдүү чыгармачыл чөйрөнү өнүктүрүү, кино өндүрүшүндөгү автордук укук жана чектеш укуктарды, товардык белгилерди каттоо, заманбап турмушта кыргыз тасмаларын өндүрүү боюнча коомчулуктун маалыматын жогорулатуу.

«Кино-Шам» иш-чарасына белгилүү маданий ишмерлер, режиссёрлор жана киноактёрлор катышып, Кыргызстандагы кино өндүрүшүнүн бүгүнкүсүн жана келечегин талкуулашты.

Киноишмердикке арналган отурум Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда уюштурулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM