Эртең, 31-мартта өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +16…+21;
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +14…+19;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16;
Ысык-Көл, Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13;
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +18…+20 градус болот.