Биз менен байланышыңыз

Бишкек–Ош жана Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолдорунда кар көчкү атайылап түшүрүлөт

Кыска кабар | 30 Мар 2022 | 152 | 0

29-марттан 4-апрелге чейин Бишкек–Ош жана Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолдорунда кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иши жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунун 121-138, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайынын 198-255 жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунун 1-14-чакырымдарында кар көчкү жүрүү коркунучу жаралган. Мындан улам артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүнү атайын түшүрүү иштери жүрөт.

Мындай иш-чаралар жарандардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында атайын токтомдун негизинде ишке ашып келет.

ӨКМ жүргүнчүлөрдү алыскы жолго чыгууда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактап, дөңгөлөк чынжыры, күрөк, трос, дары-дармек, жетиштүү тамак-аш алуу сунушталат. Кырсык катталган учурда 112 номерине чалуу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM