Биз менен байланышыңыз

Жакышев Төрөбаевге: Сиз татыктуулардын татыктуусусуз

Кыска кабар | 30 Мар 2022 | 611 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышев парламенттин 30-марттагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасына орун басар болуп шайланган Бакыт Төрөбаевди эң татыктуу кадр экенин айтты.

«Сиз айыл чарбаны да, мыйзамды да, элдин көйгөйүн да жакшы билесиз. Чындап караганда татыктуулардын татыктуусусуз. Татыктуу кызмат ордуна баратасыз. Татыктуу иштейт деп мен ишенем», — деди депутат.

Ал талкуу маалында кесиптештерине кайрылып, Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги тууралуу суроолорду токтотуп, добуш берүүгө өтүүнү суранды. Жакышевдин ою боюнча, Бакыт Төрөбаев анча-мынча жетекчилерге караганда мыйзамды жакшы билет.

Жогорку Кеңеш 30-марттагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды. Анын талапкерлигине 68 депутат добуш берди.

29-мартта парламенттин тармактык комитети Төрөбаевдин талапкерлигин карап, колдоп берген. Ал экономиканын реалдуу секторун көзөмөлдөйт.

Президент Садыр Жапаров 28-мартта Жогорку Кеңештеги «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM