Connect with us

Кыргызстанда сибирь жарасынын миңден ашык очогу белгисиз

Кыска кабар | 30 Мар 2022 | 456 | 0

Кыргызстанда сибирь жарасынын 1227 очогу бар экенин Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов санэпид дарыгерлердин маалыматына таянып айтты.

Ал парламенттин 30-марттагы жыйынында билдиргендей, күйдүргүнүн 52 очогу айыл өкмөттөрүнүн көзөмөлүндө болсо, калганы кайсы аймактарда экени белгисиз.

«Бул элдин ден соолугуна, улуттук коопсуздукка аябай чоң коркунуч алып келип жатат. Совет мезгилинде бул илдеттин очокторунун баары көзөмөлдө болуп, тийиштүү талаптар коюлуп, ал аймактарда эч кандай чарба иштери жасалчу эмес. Бүгүнкү күндө сибирь жарасы катталган аймакты да тегиздеп коюп, айланасында тиричилик кылып жатышат, бул — аябай чоң коркунуч. Эгер бул эпидемия болуп кетсе, биздин шартыбызда аны менен күрөшүү оор болот. Ошондуктан алдын алуу керек. Учурда 1150 очок дайынсыз. Ушуну тез арада аныктоо иштерин жүргүзүү керек», — деди депутат.

Өкмөткө бул маселе боюнча протоколдук тапшырма берилди.

Кыргызстанда үй жандыктарына сибирь жарасынын алдын алуу максатында жыл сайын эки жолу ийне сайылат. Жылына күйдүргү ылаңы менен ооруган жандыктардын 2-3 учуру катталат.

Күйдүргү — адамдын терисин, ичеги-карындарын жана өпкөсүн жабыркатуучу жугуштуу оору. Бул илдет адамга малдан жугат. Ошол эле учурда аба аркылуу да тарайт. Адистердин айтуусу боюнча, сибирь жарасы бир кылымга чейин топуракта да жашай берет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM