Connect with us

Кадырбеков: Доллар арзандады, баалар эмнеге түшпөйт?

Кыска кабар | 30 Мар 2022 | 989 | 0

Кыргызстанда АКШ долларынын курсу төмөндөп, мурунку калыбына келтирилди, бирок курска байланыштуу кымбаттаган азык-түлүктүн баасы арзандаган жок.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков парламенттин 30-марттагы жыйынында айтты.

Ал Антимонополия агенттигине кайрылып, валюта рыногунда өзгөрүү болгондо баалар кескин көтөрүлгөнү менен кайра эмне себептен арзандабай калып калганы боюнча маалымат берүүнү өтүндү.

«Өткөндө доллар көтөрүлдү деп чукул арада, көз ирмемде товарлардын баалары өстү. Өзгөчө биринчи керектеле турган азык-түлүктүн баасы. 105 сомго чыккан доллар кайра мурдагы калыбына келип, 85 сомго түштү. Бирок товарлардын көпчүлүгү арзандабай кала берди. Антимонополия агенттигине тапшырма берели, керек болсо кат жөнөтөйүн. Баалар бат көтөрүлөт, бирок качан болсо арзандашты унутуп калат, эмне үчүн?» — деди депутат.

30-мартка карата Кыргызстандын банктарында долларды сатып алуу курсу 84-85 сомду жана сатуу 86-87 сомду түзүүдө.

Улуттук банктын расмий курсу 87 сом 94 тыйын деп белгиленди.

Ушул күндөрү өлкөдө азык-түлүктөн тарта дээрлик бардык товар кымбаттаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM