Кыргызстанда 30-мартка карата 14 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 11и Бишкек шаарында, 3 учур Чүй облусунда катталды.
Өлкөдө пандемия башталгандан бери 200 миң 923 адамга коронавирус жукту.
Акыркы суткада эки бейтап каза болуп, ушуну менен жалпы өлүм учурлары 2 миң 988ге жетти.
Соңку суткада 13 адам илдеттен сакайып чыкты, ооруну жеңгендер 196 миң 206ны түздү.
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 88 бейтап, үй шартында 57 адам дарыланууда.