Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов Матвиенконун колунан сыйлык алды

Кыска кабар | 29 Мар 2022 | 142 | 0

Бүгүн, 29-мартта Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) мааракелик отуруму өттү.

Анда Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байкоо салган КМШ ПААнын байкоочулар миссиясынын ишмердиги талкууланып, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов маалымат берди.

Андан тышкары жыйында КМШ ПААнын Кеңешинин Башкы катчылыгына кайрадан Дмитрий Кобицкий дайындалды. Ал эми Көзөмөл-бюджеттик комиссиясынын төрагалыгына буга чейин сунушталган Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов КМШ ПААнын Кеңеши тарабынан бекитилди.

Отурумда КМШга мүчө өлкөлөр ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалар тууралуу сөз болду. КМШ ПААнын Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Ассамблеянын өнүгүшүнө салым кошкондорго сыйлыктарды тапшырды. Анын ичинен Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго да «КМШ ПААнын 30 жылдыгы» мааракелик медалы берилди.

КМШ ПААнын түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган отурумга Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Төлөнов, Искендер Матраимов, Аида Исатбек кызы жана Нурбек Алимбеков кошо катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM