Биз менен байланышыңыз

Бишкекте батирлеп жашагандарды да каттоого алуу сунушталууда

Коом | 30 Мар 2022 | 642 | 0

Бишкекте батирлеп жашаган жарандар да жашаган дареги аркылуу каттоого туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул багытта «Ички жер которуу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Демилгенин максаты жана милдети жарандардын укугун жана эркиндигин камсыз кылуу болуп эсептелет. Ошондой эле өлкөдөгү ички миграцияны онлайн жөнгө салууга жол ачылат. Бишкек мэриясы март айынын башынан бери батирлерде жана трансформацияланбаган аймактарда жашаган жарандарды каттап жатат. 

Аман учурда 30 жашта. Ал Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда 10 жылдан бери турат. Үйүнүн кызыл китеби жок болгондуктан, балдарын ооруканага көрсөтүүдө, мектепке берүүдө кыйынчылык жаралууда.

«Кызыл китеби жок. Айдоо жер деп эле сатылган. Анткени бул жерлер айдоо жерлер болчу. Анан алар сатылып кетип, там салына баштаган. Балдарды мектепке берүү, эмдетүү, медициналык кызмат алуу түйшүк жаратып келет. Арыз бергенбиз, канча жылдан бери кайрылып да келебиз. Буйруса, жакынкы арада өлкө башчы үйлөргө кызыл китеп берерин айтып жатышат»

Бишкекте жана башка шаарларда көп сандаган жаңы конуштар пайда болду. Көпчүлүгү: басып алынган жерлер. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик бир катар маселелерди чечүүдө жана жерлерди мыйзамдаштырууда кыйынчылыкка туш болууда. Мындан тышкары батирде турган үй-бүлөлөр да көп. Алардын да туруктуу каттоосу курч бойдон калууда. Бул маселени чечүү үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлиги туруктуу жашаган жери жок жарандарды да каттоого тургузууну сунуштоодо. Ошол эле кезде аны электрондук система аркылуу жүргүзүү пландалууда. Бул боюнча санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматтык камсыздоо бөлүмүн жетекчиси Элзат Кыдырмышева айтып берди.

«Бишкектин төрт районунда уруксатсыз курулушта жашаган жарандарга жеринен кызмат көрсөтүү үчүн мобилдик топтор уюштурулуп, керектүү жабдуулар менен камсыз кылынды. Беш унаа бөлүндү. 9-марттан бери мобилдик топ Бишкектин 4 районунда 9 миң 300дөн ашык жаранга кызмат көрсөттү. Анын ичинен туруктуу жашаган жери жок 4 миң 255 жаран учурда жашап жаткан жери боюнча каттоого турду. Азыркы тапта Кыргыз Ресбуликасынын жарандыгын алуу үчүн берилген 400 арыз каралууда». 

Долбоордун талабына ылайык, каттоого турган жарандар жашаган жерин же дарегин өзгөрткөн учурда же кат жүзүндө, же мобилдик тиркеме аркылуу, же мамлекеттик кызматтар порталы аркылуу атайын органдарга кабарлап турууга тийиш. Жарандын жашаган жери боюнча катталышы үчүн үй ээси арыз жазып, уруксат бериши керек. Арызды электрондук система аркылуу да жазса болот. Ал, тагыраак айтканда, каттоо жана каттоодон чыгаруу «Даректик маалымдама бюросу» (ДМБ) автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM