Биз менен байланышыңыз

Жапаров дин өкүлдөрү менен көчөт отургузууга катышты

Кыска кабар | 29 Мар 2022 | 220 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Жашыл мурас» улуттук кампаниясын жана «2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын» ишке ашыруу алкагында түрдүү конфессиялардын өкүлдөрү менен көчөт отургузууга катышты.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин директору Тойгонбай Абдыкаров белгилегендей, бул иш-чаралар 2018-жылы түзүлгөн конфессиялар аралык кеңештин алкагында өткөрүлүүдө.

Кеңеш 17 диний уюмдун өкүлдөрүн бириктирет жана анын негизги максаты — конфессиялар аралык диалогду, ар кандай көз караштарды жана ишенимдерди сыйлоо принциптерин, сабырдуулукту жана диний сабырдуулукту бекемдөө, ошондой эле радикалдашуунун алдын алуу.

Бак тигүүгө катышкандар Бишкек шаарындагы «Ынтымак» сейил багына көчөт отургузуп, анын аймагын тазалашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM