Биз менен байланышыңыз

Эртең Таластагы Өтмөк ашуусу жабылат

Кыска кабар | 29 Мар 2022 | 355 | 0

Бүгүн, 29-мартта Таластагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралуу Талас облустук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы билдирди.

Эртең, 30-мартта жол бардык унаа үчүн жабылат. Анын себеби катары көчкүлөрдү атып түшүрүү экенин айтышты. Жол качан ачылары боюнча маалымат берилген жок.

Айта кетсек, Кыргызгидромет борбору 2-апрелге чейин аба ырайы кайра суук тартып, тоолуу аймактарга, ашууларга кар жаашы мүмкүн экенин, айрым жерлерде көчкү жүрүү ыктымалы барын эскерткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM