Биз менен байланышыңыз

Орусия менен Украинанын өкүлдөрү Түркияга барышты

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Мар 2022 | 523 | 0

Орусия менен Украинанын өкүлдөрү Түркиянын Стамбул шаарына жолугушууга келишти. Аларды Долмабахче сарайынан президент Режеп Тайып Эрдоган өзү тосуп алганын түрк басылмалары жазды.

Стамбул убактысы боюнча саат 10:30да (Бишкек убактысы боюнча 13:30да) башталган отурумду Түркиянын президенти сөз сүйлөп ачты.

Анда Эрдоган: «Отурумдун өлкөлөрүңүз, аймагыбыз жана бүткүл адамзат үчүн ийгиликтүү болушун тилейм. Сүйлөшүү сааттары ынтымакка келүүгө үмүт берер. Жолугушууну чын дилден кубаттайбыз. Бешинчи жумага кетип жаткан тартышуулар биздин терең кайгыга салууда. Биз эки тарапты тең коргоо милдетин алдык. Бүтүн дүйнө сиздерден сүйүнүчтүү кабар күтүп жатат. Ишиңиздерди жеңилдетүү үчүн бардык тарабынан салым кошууга даярбыз. Мен бекем, адилет, түбөлүк тынчтыкка келериңерге ишенем», — деди.

Учурда эки тарап сүйлөшүүлөрүн улантып жатат. Түркия басылмалары Орусия делегациясынын ичинде Евробиримдик санкция салган, олигарх Роман Абрамович да бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM