Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ишкерлердин насыя төлөө мөөнөтүн узартат

Кыска кабар | 29 Мар 2022 | 181 | 0

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду бир катар антикризистик чараларды кабыл алганын маалымдашты.

Анын бири доллар менен алынган кредиттерди төлөөнү 6 айдан 12 айга чейин узартуу чечими кабыл алынган. Муну менен насыянын жалпы убактысы көбөйөт.

Аны менен катар насыя алгандардын жаңы экономикалык шарттарга көнүп кетүүсү үчүн льготалык убакыт берилери, азык-түлүк коопсуздугун камсыздаган ишканаларга төлөм мөөнөтүн 12 айга жылдырылары, фонд биринчи кезекте ушул багытка колдоо көрсөтөрү айтылган билдирүүдө.

Ошол эле учурда Өкмөттүн жеңилдетилген программасы менен колдоо алгысы келгендерди күрөөнүн бир бөлүгүнөн бошотуу мүмкүнчүлүгү каралары, анүчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду койгон шарттарды аткарышы керектиги белгиленет.

Фонддун айтымында, доллар менен кредит алган чакан жана орто бизнесмендер өз банкы аркылуу төлөм убактысын алты айга чейин узарта алышат. Ал эми каржы мекемелери 30-июнга чейин кредиттин мөөнөтүн узартуу үчүн арыз менен кайрылышы керек. Анын негизинде фонд менен кошумча келишим түзүлөт.

Аны менен катар фонддун максаты банкты эмес, ишкерлерди колдоо болуп саналарын айтып, күрөө жеңилдиги баарына берилерин кабарлаган.

Анүчүн ушул жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз өнүктүрүү фондунда төмөнкү коэффициент тер каралат:

Баалуу кагаздар күрөөсү: 80%дан кем эмес;

Кыймылсыз мүлк күрөөсү: 100%дан кем эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM