Биз менен байланышыңыз

Ак үйдүн айланасындагы таман таштары алмаштырылып жатат

Кыска кабар | 29 Мар 2022 | 237 | 0

Күндүн жылышы менен «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкек калаасын көрктөндүрүү жана тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Учурда таман таштарды (брусчатка) алмаштыруу иштери башталды.

Ак үйдүн айланасында, Чүй проспектисинин түндүк тарабындагы Логвиненко көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин брусчаткаларды жаңылоо иштери жүрүп жатат.

Жакында Т. Турсунбаева, «Достук» скверлеринде, Өкмөт үйүнүн жана Ленин эстелигинин айланасында, Өкмөттүк скверде жана «Ала-Тоо» аянтында таман таштарды алмаштыруу пландаштырылууда.

Шаарды көрктөндүрүү боюнча арыздар 1840 жана 1850 телефондору аркылуу күнү-түнү кабыл алынат, көйгөйлөрдүн сүрөттөрүн 0554 182-185 номерине жөнөтсө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM