Биз менен байланышыңыз

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Нурланбек Шакиев болду

Кыска кабар | 29 Мар 2022 | 438 | 0

Парламенттеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы бүгүн жабык жыйын өткөрдү. Анда фракциянын лидери болуп Нурланбек Шакиев шайланды. Бул маалыматты фракция ырастады.

Нурлан Шакиев 1977-жылы 13-майда Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган. 1999-жылы К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин башкаруу адистигинде аяктаган.

«Обон», «Учкун» жана «Эркин-Тоо» басылмаларында эмгектенип, 2009-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы болгон.

2009-2010 жылдары – КР президентинин кеңешчиси – «ЭлТР» коомдук телеканалынын башкы директорунун милдетин аткаруучу кызматын аркалаган.

2010-2011-жылдары Маданият, маалымат жана туризм министри болгон.

2010-жылдагы парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо «Республика — Ата-Журт» партиясынан катышкан.

Белгилей кетсек, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын мурунку лидери Бакыт Төрөбаев кечээ, 28-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM