Биз менен байланышыңыз

Кыргыз драма театры капиталдык оңдоодон кийин ишин жандантты

Кыска кабар | 29 Мар 2022 | 224 | 0

Бишкекте Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры капиталдык оңдоодон кийин ишин жандантты. Театр коронавирус пандемиясынан жана капиталдык оңдоодон улам көпкө чейин көрүүчүлөр үчүн жабык турган.

Театралдык сезондун ачылышы 27-март Эл аралык театр күнүндө Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» драмасынын негизинде коюлган «Төлгө» эпикалык спектакли менен белгиленди.

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эки жылдай оңдоо иштери жүргөн. Ал эми Чынгыз Айтматов атындагы орус драма театры оңдоого тендер жарыяланган.

Ошондой эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик музыкалык драма театрын июль айында өзбек тарап менен бирге ачуу пландалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM