Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба: Быйыл дан эгиндерине басым жасалат

Экономика | 29 Мар 2022 | 850 | 0

Айыл чарба министрлиги бүгүн, 29-мартта айрым аймактардагы жазгы айдоо-себүү иштеринин жүрүшү, айрым аймактардагы даярдыктын көрүлүшү боюнча маалымат берген жыйын өткөрдү. Анда өлкөнүн бардык аймагында күйүүчү май жетиштүү экени айтылды. Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын түштүгүндө жазгы иштер 80% аяктаса, түндүгүндө аба ырайына байланыштуу 50%га гана аткарылган. Ал эми Кыргызгидромет борбору катаал аба ырайы дагы 20 күнгө узарышы мүмкүн экенин эскертүүдө. 

Өлкө боюнча жазгы талаа иштерине жалпы 40,5 тонна күйүүчү май керектелет. Бүгүнкү күнгө карата бул көлөм 72%га камсыздалды.

Күйүүчү май кымбаттабай турганын айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев маалымат жыйында билдирди. Учурда майдын орточо баасы 62-63 сомдон болуп жатат.

«Өткөн жылы кургакчылыктын кесепетинен кызылча айдоо 9.5 миң гектарга кыскарган. Быйыл аларды 14.5 миң гектарга жеткирүү пландалууда. Быйыл негизинен эгинге, тагыраак айтканда, буудай, жүгөрү, арпа, ошондой эле кара чөпкө басым жасалат».

Быйыл дыйкан-фермерлерге насыя берүү үчүн Каржы министрлиги бюджеттен 10 млрд сом бөлүп, аны мамлекеттик эки банкка: «Айыл Банкка» 5.5 млрд сом, «РСК Банкка» 4.5 млрд сом берген. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 1 млрд сом лизингге жумшалып, анын 50%ы асыл тукум мал, экинчи 50%ы айыл чарба техникасын жана тамчылатып сугаруу шаймандарын сатып алууга сарпталат.

Бүгүнкү күндө айыл чарбага 276,7 миң тонна минералдык жер семирткич керек экени айтылды. Быйыл 21,8 миң тонна (былтыр 48 миң тонна) азоттуу минералдык жер семирткич, 10 миң тонна (былтыр 20 миң тонна) фосфордук жер семирткич импорттолгон.

Минералдык жер семирткич коммерциялык компаниялар тарабынан коңшу өлкөлөрдөн ташылат. Бул жаатта учурда алты өзүнчө компания жана ассоциацияга бириккен он компания иш алып барат. Мындай маалымат берген өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Жалил Тойматов дүйнөдө түзүлгөн кырдаал, доллардын өйдө-ылдый болуусу ташылып келүүчү жер семирткичке да таасир этип, баасы көтөрүлгөнүн кошумчалап өттү.

«Бул жаатта негизинен Кыргыз жер семирткичтерди ташып келүүчүлөр ассоциациясы (КАПУ) алектенет, анын катарында 10 компания бар. Бүгүнкү күндө минералдык жер семирткичти аталган компаниялардын ичинен КАПУ жана «СмартИмпекс» ЖЧКсы Өзбекстандан ташып келди, негизинен аммиак селитрасы жана карбамид ташылды. Тартыштыкты азайтуу жана республикада жер семирткичтин запасын түзүү, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында Министрлер кабинетинин тескемеси менен аммиак селитрасын сатып алуу үчүн 975,3 млн сом бөлүндү. Анын негизинде Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен Өзбекстандын «Узхимёимпекс» компаниясынын ортосунда келишим түзүлгөн. Ташып келүү графиги боюнча Кыргызстанга Өзбекстандан март айында 5 миң тонна, апрель айында 5 миң тонна, май айында 10 миң тонна жер семирткич келет». 

Быйыл жазгы айдоо-себүү Ош, Баткен облустарында марттын биринчи күндөрүндө эле башталган. Учурда аяктоо алдында турат. Ал эми Чүй, Талас, Ысык-Көл облустары апрелдин аягында жыйынтыктайт. Нарын облусунда май айында башталат.

Мындан тышкары былтыркыдай суу тартыштыгы жаралбашы үчүн кам көрүлүп жатканы кабарланды. Бул жаатта иштерди 10-апрелде толук жыйынтыктоо болжолдонууда. Быйыл өлкө аймагындагы 240 скважина оңдолуп жатканын Суу чарба мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Сокеев маалымдады.

«Баткен облусунда суу даярдыгы бүтүп, берилип жатат. Ош, Жалал Абад облустарында даярдык жүрүүдө. Быйыл март айынан бери жаан-чачын көп жаап, жумуштарга бир аз тоскоолдук жаралууда. Анткени техника каналдарга кире албайт. Бирок тазалоо жана даярдык иштери 10-апрелде бүтөт. Сууну бергенге негизи даярбыз десек болот. Былтыр жылдын аягында 100 млн сом бөлүнгөн. 26 районго бөлүп берилген. Өткөн жуманын аягында 338 млн сом бөлүндү. Быйыл 500 млн сом алдык. Камсыздоо жана даярдык иштер жүргүзүлө берет. Быйыл биз 1000 километр каналды тазалап бүтөбүз. 300 километрдей ремонт иштерин бүтүрөбүз. 7600 гидрокурулма оңдолот. Учурда 1486 скважина бар. Ошонун 620 скважинасын биринчи орунда бүтүрүү абзел». 

Кыргызстанда 1.2 млн гектар айдоо аянты бар. Учурда аны 6 миң гектарга көбөйтүү пландаштырылып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM