Connect with us

Баткенде орун алган окуялардын бири-бирине байланышы

Коом , Саясат | 28 Мар 2022 | 958 | 0

27-мартта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиев киши колдуу болуп каза тапты. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөөдө маркумдун өлүмүнө анын жээни шектүү экени аныкталган. Бул окуяга чейин ушул эле облустан журналист Арзыгүл Галымбетованын капилет өмүрдөн өтүшү, андан мурдараак мурунку айыл өкмөт башчыларынын камакка алынышы, аймактык прокурорлордун кызматтан четтетилиши коомчулуктун талкуусуна жем таштады. Бир жума аралыгында эле болуп өткөн күтүүсүз окуяларды бири-бирине байланыштыргандар да жок эмес. 

Кечээ, 27-мартта Баткен облустук ооруканасынын кызматкерлери көкүрөгүнөн жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 1974-жылы туулган жарандын каза болгонун милицияга кабарлаган.

Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерин өзүнүн жээни өлтүргөнү аныкталган. Бул тууралуу Баткен ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

«Текшерүү иштери жүрүп, өлүмгө шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, жакында эле кылмыш жазасынан бошоп келген Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 37 жаштагы тургуну, маркум Аскарали Мухамадиевдин жээни кармалды. Ортодо пикир келишпестиктен улам учтуу нерсе менен көкүрөк тушка сайып, ошол жерден Аскарали Мухамадиев каза болгон».

Учурда экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатканы кабарланды.

Маркум Аскарали Мухамадиев 2000-жылдан бери ички иштер органдарында эмгектенип келген.

Ага чейин AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы 37 жаштагы Арзыгүл Галымбетова 25-март түнү жүрөгү токтоп каза болгону кабарланган. Капыстан катталган өлүм көпчүлүктүн күмөнүн жараткан. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин «этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» фактысы менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Баткен милициясынын басма сөз кызматы журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектүү катары Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну Батма Жолболдуева кармалганын, учурда тергөө жүрүп жатканын маалымдады.

Жарандык активист, «Чек ара» коомдук фондунун төрагасы Элбек Хабибуллаевдин пикиринде, Баткендеги соңку болуп өткөн окуялардын бири-бирине байланышы бар.

«Ыдырыс Исаков менен Арзыгүл Галымбетова бир эле темада иликтөөлөрдү жасаган. Бирок, Турабай Бостоновдун Ыдырыс Исаковго маек бербей, Арзыгүл Галымбетовага бергени, кээ бир журналист-блогерлердин маалыматтарды тактабай таратышы эл арасында нааразычылык туудуруп жиберди. Мурдагы ички саясатта карама-каршы жүргөн адамдар ал нерсени өз пайдасына колдонуп кетишти. Ал эми үчүнчү окуянын, подполковниктин каза болушунун бул окуяларга тиешеси жок».

Мындан бир нече күн мурун эркин журналист Ыдырыс Исаковдун жеке каналындагы көрсөтүүдө Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Бекжан Жалилов айыл өкмөткө караштуу делген бир катар социалдык мекемелердин менчиктештирилгени боюнча айтып берген.

Бул иликтөөдөн көп өтпөй, 24-мартта Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурунку башчылары Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев жана катчы Акжол Абдуллаев камакка алынган. Алар кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелишип, райондук сот Жалилов жана Эгембердиевди 3-апрелге чейин абакта калтырган. Ал эми Акжол Абдуллаев үй камагына чыккан.

Бул иш боюнча Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынган.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов бул окуялардын бири-бирине байланыштырбайт. Ал бул облустагы коррупциялык иштердин ачыкка чыга башташынан кабар берерин айтат.

«Менин оюмча, болуп өткөн окуялардын бири-бири менен эч кандай байланышы жок. Кээ бирлери кокустук катары болсо, кээ бирлери мыйзам ченемдүү эле ошол коррупциялык иштердин өнүгүүсүндө пайда болгон жагдайлар».

Саясат талдоочу жаралган жагдайлар боюнча тергөө кызматтары так иликтеп, тактап чыгышы керектигин кошумчалады.

Баткенде күч органдарынын киши колдуу болуп каза табышы биринчи эле окуя эмес. 2018-жылдын 18-ноябрында Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов да киши колдуу болгон. Андан кандай жыйынтык чыкканы коомчулукка белгисиз бойдон калган.

Copyright © 2017 Maral FM