Биз менен байланышыңыз

ШКУнун экономикалык коопсуздук боюнча дарамети

Дүйнө , Экономика | 25 Мар 2022 | 826 | 0

Орусияга каршы киргизилген экономикалык санкциялардын шартында Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) тарабынан экономикалык кызматташуунун жаңы модели жакында иштелип чыгат. Бул тууралуу экономисттер аталган уюмдун быйылкы жылдагы иш-планын талкуулоо учурунда сөз кылышты. Уюм дүйнөдө курчуп кеткен геосаясий окуялардын шартында экономикалык коопсуздуктун жана өнүгүүнүн кепили боло алабы? Мындай кырдаал уюмга мүчө өлкөлөрдүн соодасына, экономикасына кандай таасирин тийгизет?

Бишкекте бүгүн «Шанхай Кызматташтык Уюму дүйнөдө курчуп кеткен геосаясий окуялардын шартында экономикалык коопсуздуктун жана өнүгүүнүн кепилдиги боло алабы?» деген темада талкуу болду. Ага Кыргызстандын саясат талдоочулары жана экономисттери катышты.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, саясат талдоочу Игорь Шестаков дүйнөдө кандай гана кырдаал болбосун, мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык процесстер токтобой турганын, ШКУга кирген өлкөлөрдүн кызматташуусу жүрө берерин айтты.

«Бүгүнкү күндө Евразиялык интеграциянын биримдиги үчүн оор мезгил болууда. Бирок кандай болгон күндө да экономикалык процесстер уланууда. Санкциялар берилди, бирок биз билгендей, экономикада боштук болбойт. Менимче, быйыл Шанхай Кызматташтык Уюмунун ролу негизги ролдордун бири болот. Кытай, Индия сыяктуу башка негизги өлкөлөр АКШнын бүгүнкү күндө көрсөтүп жаткан аракеттерине карата туруктуу позицияны кармай алышат. Орусиянын экономикасы мындан ары америкалык корпорациялар менен болгон тыгыз байланышын уланта албашы анык. Бирок кандай болгон күндө да ШКУга кирген өлкөлөр ортосунда кызматташуу процесси жүрө берет».

Каржы маселелери боюнча адис Элмира Ибраимова Орусияга киргизилген экономикалык санкциялардын шартында ШКУ тарабынан соода-экономикалык кызматташтыктын жаңы модели иштелип жатканын айтты.

«ШКУга мүчө эки өлкө Орусия менен Кытай атаандаш экономикалык каржы моделин иштеп чыга баштады. Башкача айтканда, бул моделди мындан ары бүтүндөй Шанхай Кызматташтык Уюму кабыл алабы? Аны башка мамлекеттер кабыл алабы? Менин түшүнгөнүм боюнча, биздин кээ бир өлкөлөр бул жаңы эл аралык системага катышат. Чындыгында, азыркы кырдаалда ШКУнун абалы оор. Анткени күн сайын кырдаал тездик менен өзгөрүп жатат. Кыргызстан үчүн бул уюмга мүчө болуу — маанилүү кадам. Уюмдун башка мүчөлөрү, анын ичинде Кыргызстандын да келечекте ири эл аралык уюмга айланууга көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү бар. Кыргызстан өзүнүн өндүрүштөрүн ушул мамлекеттерге чыгарып, өлкөнүн экономикасын алдыга жылдырса болот».

Тегерек столдун катышуучулары дүйнөлүк соода-экономикалык процесстерди турукташтырууда жана курчуп кеткен геосаясий окуяларды басаңдатууга ШКУнун ролу чоң экенин белгилешет.

Коомдук ишмер Токон Мамытовдун айтымында, чет жактагы акыркы окуялардан кийин мамлекеттердин ортосундагы саясий, экономикалык жана башка тармак боюнча байланыш өзгөрүп жатат.

«Азыр эки эл аралык уюм ШКУ менен ЖККУ чоң роль ойноп жатат. Эгер ЖККУ биринчи скрипкада, мындайча атканда, Орусиянын артында болсо, ШКУда Кытай негизги ролду ойнойт. Ушул эки мамлекеттин учурда батыш өлкөлөрү менен карым-катышы, байланышы саясий да, экономикалык да, соода боюнча да кандайдыр бир жаңы өзгөрүүлөргө туш келүүдө. Укаринага байланыштуу болуп жатат. Украинада болгон окуя ушул эки уюмга канчалык таасир этет? Соода, экономика, финансы, банктык насыялык системасынын үстүндө азыр ушул мамлекеттер өздөрдү иштеп жатат».

Кыргызстан ШКУга 2001-жылдан бери мүчө. Ага кирген мамлекеттер коопсуздук, коргонуу, маданият, соода, экономика жаатында кызматташат. Учурда уюмда 8 мамлекет бар.

Copyright © 2017 Maral FM