Биз менен байланышыңыз

Ураган үй: Бардык жоопкерчилик курулуш компанияга жүктөлөт

Коом | 28 Мар 2022 | 790 | 0

Кыргызстанда жыл сайын 20дан ашуун көп кабаттуу үй бүткөрүлөт. Бирок алардын сапаты көпчүлүктүн күмөнүн жаратат. Айта кетсек, кечээ, 27-марттын кечинде болгон шамалда Бишкектин Жаш Гвардия бульварында курулуп жаткан көп кабаттуу үй урап, жанындагы үйдүн чатырын басып калган. Кырсыктан бир аял жабыркаган. Жеринен медициналык жардам көрсөтүлүп, жабырлануучу ооруканага баруудан баш тарткан. Окуя борбордогу курулуштардын сапат маселесин кайрадан башкы планга алып чыкты. 

Бишкектеги урап түшкөн көп кабаттуу үйдүн курулушу «KG Восток Сервиc» компаниясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан. Учурда бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, чыгымдар эсептелүүдө. Баарын өз моюндарына алышарын курулуш компаниянын директору Чыныбек Толгобаев «Маралга» билдирди.

Директордун айтымында, курулуш материалдары сапаттуу, бардык талапка, стандартка жооп берет. Болгону иш жаңы башталып, жумушчулар толук аяктай электе, ошол күнкү катуу шамал, жаан-чачын дубалды көчүрүп түшкөн.

«Бул окуяда жалпы сегиз үй-бүлө жабыр тартты. Аларды убактылуу мейманканага жайгаштырдык. Бүгүн кечинде да ал жердеги жашоочулар менен сүйлөшүү өтөт. Азыркы тапта убактылуу жашоочулардын нараазычылыгы жок. Ижарада тургандар бар арасында. Алар өздөрү тапкан батирдин акчасын төлөп бергиле деген талап коюшту. Арасында үйүбүздү алмаштырып бергиле дегендер да бар. Бул маселени жашоочулар менен биргеликте чечебиз».

Бул кырсыкка агенттиктин тиешеси жоктугун, бардык жоопкерчилик курулуш компаниясында экенин айтат Архитектура, курулуш, жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин курулушту көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Эрнис Аалиев. Ал курулуш атайын бекитилген башкы пландын негизинде жүргүзүлүп, макулдашылган талап так аткарылышы керектигин белгилеп, бул жерде прорабдын күнөөсү бар деп эсептейт.

«Курулуш иштери башталганда ошол жерде атайын генплан болот. Курулуш план бар, МАИ менен да макулдашылган. Бул жерде прораб ката кетирген. Ар бир салынып жаткан курулуш иштеринде атайын талаптар болот. Ошол талаптарга жооп берип, уруксат алынышы керек. Биз уруксат берүү маселесин карабайбыз. Ал эми Жаш Гвардия бульварында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн жанындагы эки кабат үй жараксыз абалда эле. Архитектуралык жактан алып караганда талапка жооп бербейт. Киши жашаганга мүмкүн эмес абалда турган. Ал үй 1954-жылы курулган. Андан бери канча жыл өттү. Жашоочулары курулуш башталган учурда макулдугун беришкен. Ар биринин колу да коюлган. Калган маселени тургундар менен салып жаткан компания өздөрү келишимге ылайык чечишет». 

Курулуш тармагын тескеген мекемелер акыркы учурларда компаниялар ортосунда атаандаштык чоң болуп, сапатка көбүрөөк көңүл бөлүнө баштаганын айтышат. Ошол эле учурда материалдын арзанына жана тез бүткөрүүгө карап, талаптарга, стандарттарга көңүл бурулбай калып жатканын да моюндашат. Алардын маалыматына караганда, акыркы учурдагы жер титирөө же дагы ушул сыяктуу табият кырсыктарынан кыйраган курулуштардын көбү жаңы салынып жаткан имараттар болуп чыгууда.

Copyright © 2017 Maral FM