Биз менен байланышыңыз

Ишкерлердин эмки үмүтү Консультативдик кеңешмеде. Акталабы?

Экономика | 24 Мар 2022 | 654 | 0

Бүгүн, 24-мартта Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин төрагалыгы астында ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо үчүн түзүлгөн кеңештин биринчи отуруму өттү. Кеңеш президенттин ишкерлер менен инвесторлорду коргоо жаатында чыккан жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган. Мамлекеттик органдар экономикалык иштер боюнча сотко кайрылганда, анын 90%ы мамлекеттин пайдасына чечилет. Натыйжада ишкерлер арасында сотко карата ишенбестик күчөп, инвестициялардын келүүсүнө тоскоолдук жаралууда. Ишкерлер аталган кеңештен көп нерсени күтүп жатышканын бир ооздон белгилешти.

Кеңеш Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 29-январындагы «Менчикти жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин демилгеси менен түзүлгөн.

Мындагы башкы максат ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосунда туруктуу диалог түзүү, ошондой эле ишкерлердин укуктарын коргоо болуп саналат.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев мамлекеттик органдар тарабынан ишкерлерге болгон кысым, аларга карата мыйзам бузуулар токтобой келе жатканын, ошондуктан кеңештин түзүлүшү мезгилдин талабы экенин айтты.

«Башкы прокуратурага караштуу Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча кеңештин түзүлүшү — мезгилдин талабы. Ал өлкөбүздө экономикалык коопсуздукту камсыздоого байланышкан инвестициялык климатты жакшыртууга алып келүүчү таасирдүү орган болууга тийиш. Кеңеш ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган; аткаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес-коомчулук, эксперттер, Бизнес-акыйкатчы институту менен натыйжалуу, туруктуу кызматташуу максатында түзүлгөн».

Прокуратура жана бизнес-ассоциациялардын тыгыз кызматташтыгы бул чөйрөдөгү коррупцияны төмөндөтүүгө, бизнеске тоскоолдук жараткан, зыян келтирген кызмат адамдарды жоопкерчиликке тартууга багытталат.

Кеңештин түзүлүшү менен ишкерлердин мамлекетке болгон ишеними калыбына келип, өлкөнүн инвестициялык климатына да оң таасирин тийгизери күтүлүүдө.

Американын Кыргызстандагы соода палатасынын директорлор кеңешинин төрайымы Назира Бейшеналиева бизнесмендер Кеңештен эмнелерди күтүп жатканын айтып берди.

«Өлкө экономикасын кыймылдаткан жана казынаны толтурган ишкерлер мамлекеттик коргоо жана колдоону көрбөй келишет. Биз бул аянтча мамлекеттик саясатка болгон ишенимди ордуна келтирип, регулятордук актылардын сапатын жогорулатып, ишкерлердин Кыргызстандын укук системасына болгон ишенимин жакшыртат деп ишенебиз. Конституциялык нормаларда жана прокуратура органдарынын укуктук мүмкүнчүлүктөрүндө орун алган акыркы өзгөртүүлөрдөн кийин бизнес-коомчулук өзүнүн мыйзамдык кызыкчылыктарынын жана коопсуздугунун жеткиликтүү деңгээлде камсыз болуусун, жеке менчикке болгон кол тийбестиктин корголушун күтөт».

Прокурор же мамлекеттик орган админстративдик жана экономикалык иштер боюнча сотко кайрылганда, анын 90%ы мамлекеттин пайдасына чечилип, укуктук жактан ишкерлер жеңилип келишет. Мунун себеби сот да мамлекеттик орган болгонунда дешет ишкерлер.

Мамлекеттик казынага салыгын төлөп келген 1,5 миңден ашуун мүчөсү бар ЖИА бизнес ассоциациясынын өкүлү Фархад Пакыровдун пикиринде, мындай абал ишкерлер арасында сотторго карата ишенбестикти пайда кылып, инвестициянын келишине тоскоолдук жаратууда.

«Ушул жагдайлар жана сот органдарынын көз карандылыгы, сотторго болгон ишенбөөчүлүк өлкөдө мыйзамдуу жана коопсуз шарттардын түзүлүшүнө, бизнестин өнүгүүсүнө, инвестициялардын келишине чоң тоскоолдук жаратып жатат. Бул маселени чечүү үчүн Башкы прокуратурадан жергиликтүү ишкерлердин жана инвесторлордун кызыкчылыгына каршы доо арыздарды ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоо боюнча кеңештин тескөөсү менен гана сотко берүү талабын киргизүүнү суранабыз».

 Өткөрүлгөн кеңешмеге алыскы аймактардан да ишкерлер келген. Жыйынга катышып жаткан Баткендеги ишкерлер кеңешинин төрагасы Аваз Чотбаев аймактарда да бизнеске укук коргоо органдары тарабынан көңүл бурулуп, ишкерлер менен прокуратуранын ортосунда көпүрө түзүлүп жатканын билдирди.

«Бизди бул жерде бир жума топтоп, аймактардагы ишкерлердин көйгөйүн күн тартипке киргизишти. Эми аны облустук, райондук деңгээлде ишкерлерге жеткирип, жолугушууларды өткөрөбүз. Маселелерибиз чечилет деген үмүтүбүз бар. Себеби өзүбүздүн сунуштарыбызды консультациялык кеңештин отурумунда карап, чечилишине аракет кылабыз. Бул кеңешме азыр ишкерлер менен мамлекеттик мекемелер ортосунда иш жүзүнө ашыруучу көпүрө болду деп эсептейбиз».

Консультативдик кеңешти жылына эки ирет өткөрүп туруу пландалууда. Кеңештин курамына жергиликтүү ишкерлер, эл аралык уюмдун өкүлдөрү жана мамлекеттик кызмат жетекчилери кирери айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM