Биз менен байланышыңыз

Жаңы курулуштарга эки жылдык мораторий киргизүү сунушталды

Коом , Экономика | 24 Мар 2022 | 856 | 0

Өткөн жылы өлкө боюнча 300дөн ашык объектини курууга жана капиталдык оңдоодон өткөрүүгө өлкө казынасынан 2,5 миллиарддан ашык сом сарпталып, иштер толук аткарылган. Ал эми быйыл 500гө жакын объектини бүтүрүүгө 2,5 млрд сом бөлүп берүү каралууда. Ошондой эле Мамлекеттик курулуш агенттиги 2022-2023-жылдарда жаңы курулуштарга мораторий киргизүүнү сунуштап жатат. Мындан сырткары былтыркы жылдын август айынан тарта курулуш жүргүзүүгө уруксат документтерин берүү бир топ жеңилдеген. Бул тууралуу алдыда сөз кылабыз.

Өткөн жылы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги республикалык бюджеттин эсебинен 367 объектиге 2,5 миллиарддан ашык сом сарптады. Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Самат Бөрүбаев жылдын жыйынтыгы менен кайсы объектилерде капиталдык оңдоо жүргүзүлгөнүн бүгүнкү маалымат жыйында айтып берди.

«Жалпы 214 капиталдык курулуш, 56 капиталдык оңдоп-түзөө иштери, 97 таза суу объектиси курулду. Жалпысынан 109 объектинин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлдү. Алар: мектеп, бала бакча, оорукана, ФАП, маданият үйлөрү, театр, спорткомплекс, стадион жана башка ар түрдүү социалдык-маданий багыттагы жайлар. «Бирдиктүү заказчы» катары иштеп баштаган мезгилден бери Мамкурулуш республикалык бюджеттин жана башка каржылоо булактарынын эсебинен 862 объектини бүткөрүп, пайдаланууга тапшырган. Анын ичинде 721 курулуш объектиси жана 141 оңдоп-түзөө объектиси бар. Бул объектилердин жалпы наркы 30 млрд 995 млн 900 миң сомду түзөт».

Ошондой эле ал курулуш жүргүзүүгө уруксат документтерин берүүдө жеңилдиктер кирип жатканын айтты.

«Курулуш объектилерине уруксат берүү жаатында иштер башталган. Бул боюнча 2021-жылдын 6-августунда Министрлер кабинетинин №144 токтому чыккан. Анын алкагында курулуш жүргүзүүгө уруксат берүү жеңилдетилди. Бул жаатта бирдиктүү терезелер уюштурулуп, тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат».

Аталган мекеме быйыл да токтоп калган имараттардын курулушун улантат.

Ал эми Кыргызстанда быйыл 226 мектеп оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Жумабай Каримжанов айтып, жалпы коомдук имараттар үчүн 2,5 миллиардга жакын сом бөлүнөрүн билдирди.

«2022-жылы 492 объектини бүткөрүүгө Каржы министрлиги тарабынан 2,4 млрд сом бөлүп берүү каралып жатат. 492 объектинин ичинен 333ү курулуш, 62си коомдук имараттарды оңдоп-түзөө жана 92си калкты таза суу менен камсыздаган объект болуп саналат. Жогорудагы 333 объектинин ичинен 226сы мектеп, 44ү бала бакча, 30у саламаттыкты сактоо мекемеси, 27си спорт жана маданият тармагындагы имарат, алтоо башка мекеме».

Өткөн жылы өлкө боюнча курулуш тармагында 600дөн ашуун текшерүү жүргүзүлүп, анда 180 мыйзам бузуу аныкталган. Аларды жоюу боюнча жалпысынан 223 буйрук чыккан. Протоколдордун негизинде 2 миллиондон ашуун сом айып салынган.

Бишкек шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын жетекчиси Талант Иманакун уулу борбордо мыйзамсыз салынган көп кабаттуу үйлөрдү сүрдүрүү иштери жүрүп жатканын айтты.

«Азыркы учурда Бишкекте жалпы 410 объект курулуп жатат. Анын ичинен 37 көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулган. Бүгүнкү күндө биздин башкармалык тарабынан тиешелүү кагаздар берилип, айып пулдар салынып, тийиштүү райондордо соттук иштер жүрүп жатат. Сот сүрдүрүү боюнча чечим кабыл алып берсе, биз мыйзам чегинде иштерди улантабыз. 37 үйдүн 12 үйүндө жарандарыбыз жашайт. 2021-жылы 268 объект текшерилген. Анын ичинен 124 протокол түзүлүп, 1,5 млн сомдон ашык айып пул салынган».

Өлкө боюнча бюджети 14 млрд сомду түзгөн толук бүтө элек 500гө жакын мамлекеттик имарат бар. Буга байланыштуу мекеме эки жылга жаңы курулушка мораторий киргизүүнү сунуш кылууда. Ал учурда Финансы министрлигинде каралып жатат.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 3 миңден ашык курулуш объектиси катталган. Анын ичинде 2 миңден ашыгы капиталдык курулуш жана 800дөн ашыгы чакан курулуш болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM