Португалиянын премьер-министри Антонио Кошта өлкөнүн жаңы өкмөтүнүн курамын жарыялады. Кошта жетектеген аткаруу бийлигинде көпчүлүк кызматты аялдар ээлегенин «Синьхуа» агенттиги жазды.
Атап айтсак, өлкө тарыхында биринчи жолу коргоо министри болуп аял киши — Елена Каррейрас дайындалды.
17 министрлик, 38 комитеттен турган Португалиянын 23-өкмөтүнүн курамын президент Марсело Ребело де Соуза бекитип берди. Эми алар 30-мартта парламентте ант беришет.
Өкмөт башчы Коштанын айтымында, жаңы өкмөт ар түркүн билим адамдарынан куралып, күчтүү саясий өзөккө ээ.