Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус 10 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 23 Мар 2022 | 149 | 0

Кыргызстанда 23-мартка карата коронавирус 10 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 6 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 19 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 88 бейтап, амбулатордук түрдө 69 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 836 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 113 киши айыгып, 2 миң 982 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM